Daily Archives Среда декабря 26th, 2012

Күндөлүк жоголгондо

Ар бир окуучунун классында, мектебинде кызыктуу окуялар  болуп турат эмеспи. Ошондой күндѳрдүн биринде сабакта отурган элек. Адеп сабагынан берген эжеке «Ѳзүн-ѳзү тарбиялоо»,-деген темада эссе жазгыла,-деди. Класс тынч, окуучулардын бардыгы эссе жазуу менен алек. Марал деген кызыбыз биринчилерден болуп жазып бүтүп, эжекеге алпарып текшертип, баа койдурайын десе күндѳлүгү жок. Ал кыз ыйлап, эжеке  «Кимиңер алсаңар, же кѳргѳн болсоңор  кайтарып берип койгула»,-деди. Ангыча кийинки сабак башталып, окуучулар топурап башка сабакка кирип кетишти. А Бекмырза болсо, класста калып, Маралдын күндѳлүгүн кайтарып  берди. Эгер күндѳлүктү кайтарып бербесе  Марал да, башкалар дагы Бекмырзаны ууру деп ойлоп калыштары мүмкүн эле...

Далее

Ош шаарынын Мэринин арча майрамына кимдер катышат?

2012-жылдын 27-декабрында Келечек балдардын чыгармачылык борборунда, «Балаты-2013» аттуу Ош шаарынын мэриннн  балаты майрамы ѳткѳрүлмѳкчү.  Ош шаардык мэриясынын социалдык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы Гүлмира Каратаеванын билдиргенине караганда  майрамга Ош шаарында жашаган, аз камсыз болгон үй бүлѳлѳрдүн балдары, 2010-жылдагы июнь окуясында  каза болгон, дайынсыз жоголгон жарандардын балдары, ден соолугу, мүмкүнчүлүгү  чектелген үй бүлѳлѳрдүн балдары болуп, бардыгы 240 бала мэр тарабынан ѳткѳрүлгѳн Жаңы жылдык балаты майрамына катышмакчы.

Далее

Ким кандай көз карашта?

Алтынай  10 «А» класстын окуучусу:

-Мектепте арча майрамы сѳзсүз  ѳтүш керек, себеби классташтарың менен чогуу майрамдоо баары  бир кѳңүлдүү, башкача да…

3 «Б» класстын окуучусу  Данил:

Жаңы жылда Аяз ата келет, белектерди берет. Мен жаңы жылды күтѳм.

3 «Б» класстын окуучусу Сыймык:

Мен жаңы жыл тез эле келсе экен деп чыдамсыздык менен күтүп жүрѳм. Себеби бардыгын майрамы менен куттуктайм. Туулган күнүм дагы жаңы жыл менен келет.

Айсалкын 6 «...

Далее

Биздин каарман биздин арабызда

Маектешим Элита Бакирова Ош шаарындагы «Олимп» гимназия мектебинде 11 «β»  классында окуйт. Ѳткѳн 2011-2012-окуу жылында республикалык олимпиадага катышып, республика боюнча I орунга татыктуу болгон.

-Элита, олимпиадага кантип катышып калдың?

-Мен англис тилине абдан кызыгам. Ошондон болсо керек, англис тилинен жакшы окуйм. Былтыр 2011-2012-окуу жылында биздин мектептен англис тили боюнча олимпиадага катышып, аймактык  турга ѳттүм. Анан шаардык олимпиададан да жеңип, жыйынтыктоочу турга «Сема» лицейинен, Ломоносо атындагы мектебинен, анан «Олимптен» мен катыштык. Мен утуп, республикалык олимпиадага катыштым. 10 окуучу катышкан республикалык таймашта биринчи орунга жетиштим.

Далее

СПИД жѳнүндѳ кичинекейлерге туура түшүндүрсѳк

Ар жылы «1-декабрь СПИД менен күрөшүү күнүнө карата биздин мектепте сынак ѳткѳрүлѳт. Быйылкы жылы дагы СПИД, анын алдын алуу максатында сынак уюштурулуп, класстар арасында командалар таймашты. Сынакка 8-11-класстардын окуучулары катышышты. Сынактын максаты СПИД оорусу жѳнүндѳ түшүнүк берүу жана анын алдын алуу болчу.  Бардык класстардын окуучулары сынакка даярдалган программа боюнча даярданышыптыр. Программада саламдашуу, инцинировка, суроо-жооп бар эле.   

Далее

Ур-ра-а, кышкы каникул!!!

Ош шаардык билим берүү башкармасынын начальнигинин орун басары Абдыкалык Акжоловдун билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарындагы мектептердин бардыгында кышкы каникул Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык республиканын бардык мектептериндегидей эле 24-декабрдан башталып, 11-январга чейин созулмакчы. Белгилеп кетүүчү жагдай,бүгүнкү күндѳ Ош шаарында 56 мектепте 49 миң 431 окуучу билим алышууда.

Каныкей  БАКТЫБЕКОВА...

Далее

Сыйлык – сыймык

Ош шаарында дүйнѳлүк руханий бийиктиктин  чокусу, улуттун  сыймыгы, улуу  жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ карата  Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган «Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын жан дүйнѳсүндѳ» аттуу кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылды.Сынак 4-декабрда №42 Керме-Тоо орто мектебинде болуп, шаардагы кыргыз тилдүү бардык мектептердин окуучулары катышты.Окуучулар мыкты даярдыктарын, актердук чеберчиликтерин кѳрсѳтѳ алышты.

Далее

Жаңы команданын ийгилиги

Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектептин жаңыдан түзүлгѳн футболдук командасы шаардагы 20 мектептин  командаларынын ичинен тѳртүнчү орунга татыктуу болду. Жакында шаардын Манас кичи районунун Нурспорт залында 20 мектептин футболчулары катышкан  мелдеш ѳткѳзүлдү. Мелдеште №17 мектептин командасынын оюнчулары мыкты ойноп, жаңы түзүлгѳнүнѳ карабастан тѳртүнчү орунга татыктуу болушту. Белгилеп кете турган жагдай, команда жакында эле №12 мектептин командасы  менен таймашта 2-3 эсебинде утулуп  калышкан.

Далее

Кыштагы окуялар

Кыш мезгили эле. Жолдор кѳкмѳк муз, айлана аппак кар. Жол тайгак болгондуктан адамдар абайлап басып калышкан. Мектептен чыгып Нуржан экѳѳбүз үйүбүзгѳ бара жатканбыз. Биздин алдыбызда эки классташ балдар кетип баратышкан. « Кырсык  каш-кабактын ортосунда» ,-дейт эмеспи, бир заматтын ортосунда эки бала кѳк музга жыгылып түшүштү. Нуржан экѳѳбүз аябай күлүп, аларды шылдыңдадык. Бирок бир аз ѳтпѳй эле, жолдун аркы ѳйүзүнѳ  ѳтүп баратып  Нуржан экѳѳбүз дагы баягы балдардан бетер  тайтайып жыгылып түштүк. Катып калган музга катуу тийгенбизби, айтор тим эле башыма бирѳѳ даңк эттире койгондой болду. Айлананы карасам элдин баары чогулуп бизди карап, кээ бирлери кыткылыктап күлүп, кээ бирлери эстеликке деп сүрѳткѳ тартып атышат.

Далее

«Мээримде» өткөн майрам

Ош шаарындагы «Мээрим» балдар бакчасында кичинекей бѳбѳктѳр үчүн 21-декабрь аябай ѳзгѳчѳ кубанычтуу күн болду. Күндѳ бүркѳлүп турган күн да жаркырап тийип турду. Ушул күнү    балдар бакчасынын тарбиялануучулары  үчүн Арча майрамы ѳткѳрүлдү. Майрамга бѳбѳктѳр  аябагандай кооз кийинип келишкен. Араларында  ар-түркүн жан-жаныбарларга окшошуп, жомоктордогу каармандарга окшошуп  кийинип келгендер да бар. Эки жаштан  ѳйдѳгү  балакайлар аяз-ата, аяз кыз, кыш жѳнүндѳ декламацияларды жаттап келишип, Аяз атага айтып берип белектерди алып жатышты. Майрамдын жүрүшүндѳ бѳбѳктѳр ар-түрдүү оюн-зооктордуу ойноп,  ар-кандай ырларды ырдады.

Далее

Урматтуу балдар жана кыздар!

Бул гезитти негиздеп жатып,  ал мектеп окуучуларынын кызыктуу жашоосун чагылдырган, мектепте, ѳлкѳдѳ жана жалпы дүйнѳ жүзүндѳ жаш балдар менен кыздарды кызыктырган маалыматтар менен билимди камтыган, жашоодо туура жолду кѳрсѳтѳ алган гезит болсо экен дедик. Гезитти мектеп окуучуларынын арасынан тандалып алынган жаш кабарчылар даярдап турмакчы. Анткени мектеп окуучуларынын дүйнѳсүн, кѳксѳѳсүн, каалоо-тилектерин алардан артык ким билет?! Биз бир гана журналистикадагы кѳп жылдык тажрыйбабызга таянып, ѳз кеп-кеңештерибизди айтып, гезиттин кызыктуу болушуна айрым жардамыбызды гана берип турмакчыбыз...

Далее

Урматтуу келечек ээлери болгон жаш достор!

Сиздерди  жаны 2013-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ынтымактуулуктун жана тилектештиктин жылы болсун! Элибизде, сүйүктүү Ош шаарыбызда тынчтык, молчулук, достук орносун! Жыл жаңырып, мезгил алмашкан учурда  биринчи саны жарык кѳрүп жаткан «Данек» гезити балдардын кѳптѳн күткѳн жакын сырдашы болуп калаарына ишенем.  Мектеп окуучуларынын гезити таланттуу, билимдүү, чыгармачыл балдардын сырдашы жана насаатчысы  болсун. Жаңы жыл менен жарык кѳрүү алдында турган «Данек» гезитинин  калем ээлерине ийгилик каалап, окурмандарынын сүймѳнчүгүнѳ айланып, кѳпчүлүктүн купулуна толушуна тилектештигимди билдиремин...

Далее

Урматтуу «Данек» гезитинин эмгек жамааты жана окурмандары!

Биздин шаарда  мектеп окуучуларынын гезитинин жарык кѳрүшү менен чын дилимден куттуктайм. Шаарыбызда мектеп окуучулары үчүн гезит чыга баштаганы, ал гезиттин үч тилде чыгарыла турганы, гезитти биздин шаардагы мектеп окуучулары чыгара тургандыгы албетте кубана турган жагдай. Гезитиңиздер окурмандар арасында кадыр-барктуу, окумдуу гезит болсун!  Гезит кѳп улуттуу  шаарыбыздын элдеринин ынтымагын, достугун  чыңдоодо ѳз салымын кошооруна ишенем. Ушул гезиттен  турмушту калыс чагылдырган,  жагдайга таамай жана так баа бере ала турган, келечекти кѳрѳ билген билимдүү, калеми курч  журналисттер ѳсүп чыгышына тилектешмин. Бул гезиттин жарык кѳрүшү биздин Ош шаарында «Жаштар жана билим жылынын»  жыйынтыгы чыгарылып жаткан мезгилге жана Жаңы жылга туш келиши да  бекеринен эместир дейм...

Далее