Күндөлүк жоголгондо

Ар бир окуучунун классында, мектебинде кызыктуу окуялар  болуп турат эмеспи. Ошондой күндѳрдүн биринде сабакта отурган элек. Адеп сабагынан берген эжеке «Ѳзүн-ѳзү тарбиялоо»,-деген темада эссе жазгыла,-деди. Класс тынч, окуучулардын бардыгы эссе жазуу менен алек. Марал деген кызыбыз биринчилерден болуп жазып бүтүп, эжекеге алпарып текшертип, баа койдурайын десе күндѳлүгү жок. Ал кыз ыйлап, эжеке  «Кимиңер алсаңар, же кѳргѳн болсоңор  кайтарып берип койгула»,-деди. Ангыча кийинки сабак башталып, окуучулар топурап башка сабакка кирип кетишти. А Бекмырза болсо, класста калып, Маралдын күндѳлүгүн кайтарып  берди. Эгер күндѳлүктү кайтарып бербесе  Марал да, башкалар дагы Бекмырзаны ууру деп ойлоп калыштары мүмкүн эле. Бирок Бекмырза  Маралды жакшы кѳрүп калып, сезимин кантип билдирээрин билбей, күндѳлүгүн бекитип койгон экен. Муну биз да, Марал да кийин түшүндүк.

Нуржан РУСЛАН кызы ,
Ю.Гагарин атындагы  орто мектептин
8«А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>