Ким кандай көз карашта?

Алтынай  10 «А» класстын окуучусу:

-Мектепте арча майрамы сѳзсүз  ѳтүш керек, себеби классташтарың менен чогуу майрамдоо баары  бир кѳңүлдүү, башкача да…

3 «Б» класстын окуучусу  Данил:

Жаңы жылда Аяз ата келет, белектерди берет. Мен жаңы жылды күтѳм.

3 «Б» класстын окуучусу Сыймык:

Мен жаңы жыл тез эле келсе экен деп чыдамсыздык менен күтүп жүрѳм. Себеби бардыгын майрамы менен куттуктайм. Туулган күнүм дагы жаңы жыл менен келет.

Айсалкын 6 «А» класстын окуучусу:

Жаңы жыл майрамы менимче бардыгына жагат. Себеби бул майрам бир жылда бир келет. Мектеп окуучуларынын бардыгы татынакай кийинишет. Аяз ата бѳбѳктѳргѳ белек тартуулайт. Арча майрамында ырдайбыз, бийлейбиз, айтор ушул күн мага абдан жагат. Менимче бул майрам бардыгына жагат.

Элнура  Кылычбек кызы,
Ю.Гагарин атындагы  орто мектептин
10 «А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>