«Мээримде» өткөн майрам

Ош шаарындагы «Мээрим» балдар бакчасында кичинекей бѳбѳктѳр үчүн 21-декабрь аябай ѳзгѳчѳ кубанычтуу күн болду. Күндѳ бүркѳлүп турган күн да жаркырап тийип турду. Ушул күнү    балдар бакчасынын тарбиялануучулары  үчүн Арча майрамы ѳткѳрүлдү. Майрамга бѳбѳктѳр  аябагандай кооз кийинип келишкен. Араларында  ар-түркүн жан-жаныбарларга окшошуп, жомоктордогу каармандарга окшошуп  кийинип келгендер да бар. Эки жаштан  ѳйдѳгү  балакайлар аяз-ата, аяз кыз, кыш жѳнүндѳ декламацияларды жаттап келишип, Аяз атага айтып берип белектерди алып жатышты. Майрамдын жүрүшүндѳ бѳбѳктѳр ар-түрдүү оюн-зооктордуу ойноп,  ар-кандай ырларды ырдады.


Аяз ата бѳбѳктѳргѳ белектерди тапшырды. Балдар бакчасынын башчысы  Гүлсүн Базаева  балдар бакчасында быйыл 630 бала тарбияланып жатканын белгилеп, Арча майрамын уюштурууда ата-энелердин кѳмѳгү чоң болгонуна да токтолду.

                                                                                    Элнура  Кылычбек кызы,
                                                              Ю.Гагарин атындагы  орто мектептин
10 «А» классынын окуучусу

 

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>