Ош шаарынын Мэринин арча майрамына кимдер катышат?

2012-жылдын 27-декабрында Келечек балдардын чыгармачылык борборунда, «Балаты-2013» аттуу Ош шаарынын мэриннн  балаты майрамы ѳткѳрүлмѳкчү.  Ош шаардык мэриясынын социалдык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы Гүлмира Каратаеванын билдиргенине караганда  майрамга Ош шаарында жашаган, аз камсыз болгон үй бүлѳлѳрдүн балдары, 2010-жылдагы июнь окуясында  каза болгон, дайынсыз жоголгон жарандардын балдары, ден соолугу, мүмкүнчүлүгү  чектелген үй бүлѳлѳрдүн балдары болуп, бардыгы 240 бала мэр тарабынан ѳткѳрүлгѳн Жаңы жылдык балаты майрамына катышмакчы.

Мындан сырткары майрамга карата мүмкүнчүлүгү чектелген,.  баса албаган 109 балага белектер даярдалып, үйлѳрүнѳ жеткирилип берилмекчи. Азыркы күндѳ Балаты майрамын кызыктуу жана кѳңүлдүү  ѳткѳрүү  үчүн даярдыктар кѳрүлүп жаткан мезгили.

                                                                                    Элнура  Кылычбек кызы,
Ю.Гагарин атындагы  орто мектептин
10 «А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>