СПИД жѳнүндѳ кичинекейлерге туура түшүндүрсѳк

Ар жылы «1-декабрь СПИД менен күрөшүү күнүнө карата биздин мектепте сынак ѳткѳрүлѳт. Быйылкы жылы дагы СПИД, анын алдын алуу максатында сынак уюштурулуп, класстар арасында командалар таймашты. Сынакка 8-11-класстардын окуучулары катышышты. Сынактын максаты СПИД оорусу жѳнүндѳ түшүнүк берүу жана анын алдын алуу болчу.  Бардык класстардын окуучулары сынакка даярдалган программа боюнча даярданышыптыр. Программада саламдашуу, инцинировка, суроо-жооп бар эле.   

Сынак башталды. Айрым командалар кадимкидей кыргыз салты менен саламдашышты. Ал эми кээ бирлери тамаша айтып саламдашышты. Кызыктын баары инсинировка учурунда башталды. Бардык класстар СПИДдин кандай жугуу жолун көрсөтүшүп, 8-класска кезек келгенде аларда СПИД жөнүндө маалымат азыраакпы, же жугуу жолдорун жакшылап сураштырышпаганбы айтор, дайыма жаны, таза шприцтен укол алган балага СПИД жугуп калды деп чыгарышты.  Ал эми суроо-жоопко келгенде 8-9-класстардын окуучулары СПИД менен ооруган адамды «Дүйнөнүн душманы» деп чыгарышып, баарыбыздын үрөйүбүздү учурушту. Ошол боюнча тыянак чыгарылып, кичинекей класстын окуучулары, «СПИД жаны шприцти пайдаланганда деле жугат экен»,-деген түшүнүктө кала беришти.

Жаш окурман, ар бирибиз билгендей, СПИД оорусу-коркунучтуу, кооптуу оору, бирок, ал орууну канткенде жугузуп албоону өзүбүздѳн кичинекейлерге туура түшүндүрсөк.

Каныкей    БАКТЫБЕКОВА,
Барпы атындагы №38-мектеп-гимназиясынын
10-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>