Monthly Archives декабря 2012

Кыштагы окуялар

Кыш мезгили эле. Жолдор кѳкмѳк муз, айлана аппак кар. Жол тайгак болгондуктан адамдар абайлап басып калышкан. Мектептен чыгып Нуржан экѳѳбүз үйүбүзгѳ бара жатканбыз. Биздин алдыбызда эки классташ балдар кетип баратышкан. « Кырсык  каш-кабактын ортосунда» ,-дейт эмеспи, бир заматтын ортосунда эки бала кѳк музга жыгылып түшүштү. Нуржан экѳѳбүз аябай күлүп, аларды шылдыңдадык. Бирок бир аз ѳтпѳй эле, жолдун аркы ѳйүзүнѳ  ѳтүп баратып  Нуржан экѳѳбүз дагы баягы балдардан бетер  тайтайып жыгылып түштүк. Катып калган музга катуу тийгенбизби, айтор тим эле башыма бирѳѳ даңк эттире койгондой болду. Айлананы карасам элдин баары чогулуп бизди карап, кээ бирлери кыткылыктап күлүп, кээ бирлери эстеликке деп сүрѳткѳ тартып атышат.

Далее

«Мээримде» өткөн майрам

Ош шаарындагы «Мээрим» балдар бакчасында кичинекей бѳбѳктѳр үчүн 21-декабрь аябай ѳзгѳчѳ кубанычтуу күн болду. Күндѳ бүркѳлүп турган күн да жаркырап тийип турду. Ушул күнү    балдар бакчасынын тарбиялануучулары  үчүн Арча майрамы ѳткѳрүлдү. Майрамга бѳбѳктѳр  аябагандай кооз кийинип келишкен. Араларында  ар-түркүн жан-жаныбарларга окшошуп, жомоктордогу каармандарга окшошуп  кийинип келгендер да бар. Эки жаштан  ѳйдѳгү  балакайлар аяз-ата, аяз кыз, кыш жѳнүндѳ декламацияларды жаттап келишип, Аяз атага айтып берип белектерди алып жатышты. Майрамдын жүрүшүндѳ бѳбѳктѳр ар-түрдүү оюн-зооктордуу ойноп,  ар-кандай ырларды ырдады.

Далее

Урматтуу балдар жана кыздар!

Бул гезитти негиздеп жатып,  ал мектеп окуучуларынын кызыктуу жашоосун чагылдырган, мектепте, ѳлкѳдѳ жана жалпы дүйнѳ жүзүндѳ жаш балдар менен кыздарды кызыктырган маалыматтар менен билимди камтыган, жашоодо туура жолду кѳрсѳтѳ алган гезит болсо экен дедик. Гезитти мектеп окуучуларынын арасынан тандалып алынган жаш кабарчылар даярдап турмакчы. Анткени мектеп окуучуларынын дүйнѳсүн, кѳксѳѳсүн, каалоо-тилектерин алардан артык ким билет?! Биз бир гана журналистикадагы кѳп жылдык тажрыйбабызга таянып, ѳз кеп-кеңештерибизди айтып, гезиттин кызыктуу болушуна айрым жардамыбызды гана берип турмакчыбыз...

Далее

Урматтуу келечек ээлери болгон жаш достор!

Сиздерди  жаны 2013-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ынтымактуулуктун жана тилектештиктин жылы болсун! Элибизде, сүйүктүү Ош шаарыбызда тынчтык, молчулук, достук орносун! Жыл жаңырып, мезгил алмашкан учурда  биринчи саны жарык кѳрүп жаткан «Данек» гезити балдардын кѳптѳн күткѳн жакын сырдашы болуп калаарына ишенем.  Мектеп окуучуларынын гезити таланттуу, билимдүү, чыгармачыл балдардын сырдашы жана насаатчысы  болсун. Жаңы жыл менен жарык кѳрүү алдында турган «Данек» гезитинин  калем ээлерине ийгилик каалап, окурмандарынын сүймѳнчүгүнѳ айланып, кѳпчүлүктүн купулуна толушуна тилектештигимди билдиремин...

Далее

Урматтуу «Данек» гезитинин эмгек жамааты жана окурмандары!

Биздин шаарда  мектеп окуучуларынын гезитинин жарык кѳрүшү менен чын дилимден куттуктайм. Шаарыбызда мектеп окуучулары үчүн гезит чыга баштаганы, ал гезиттин үч тилде чыгарыла турганы, гезитти биздин шаардагы мектеп окуучулары чыгара тургандыгы албетте кубана турган жагдай. Гезитиңиздер окурмандар арасында кадыр-барктуу, окумдуу гезит болсун!  Гезит кѳп улуттуу  шаарыбыздын элдеринин ынтымагын, достугун  чыңдоодо ѳз салымын кошооруна ишенем. Ушул гезиттен  турмушту калыс чагылдырган,  жагдайга таамай жана так баа бере ала турган, келечекти кѳрѳ билген билимдүү, калеми курч  журналисттер ѳсүп чыгышына тилектешмин. Бул гезиттин жарык кѳрүшү биздин Ош шаарында «Жаштар жана билим жылынын»  жыйынтыгы чыгарылып жаткан мезгилге жана Жаңы жылга туш келиши да  бекеринен эместир дейм...

Далее