Daily Archives Среда января 23rd, 2013

Макал-лакаптар

* * *
Мекенден айрылганча өмүрдөн айрыл.

* * *
Туулган жердин кадыры  алыс жерде билинет.

* * *
Туулган жердин топурагы алтын, суусу мүрөк

* * *
Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат.

* * *
Абийирдүү болсо баласы, атасына бак конот.

Далее

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн камкордук

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Алтын мезгил» коомдук фондунун демилгеси менен «Наристе» балдар борбору ачылды. Балдар борборунун жетекчиси Зебиниссо Эргешованын билдирүүсүнө караганда бул борбордо азыркы мезгилде 25 бала тарбияланууда. Балдар бул жерге күндүз келишип, кечке чейин  борбордо болушат. Түштүктө кулагы укпаган жана психикалык жактан жабыр тарткан балдарды бала бакчалар алышпайт, анан дагы аларды кароочу адистер аз. Бул багытта даярдыгы бар адистер аз болгондуктан, биз ата-энелер менен биргелешип ушул борборду ачканбыз,-дейт Зебиниссо Турсунбаевна.

Далее

Ырлар

Апаке

Жакшы сөздүн баары сизге жарашат,
Жылмайсаңыз ууртуңузда таң атат.
«Балам»,-деген мээрим төккөн жалгыз сөз,
Канат тагып, демиме дем жаратат.

Ою таза, көңүлү ачык апакем,
Бешенеңден нур чачылып  турса экен.
Бул өмүрдө  сизден  артык адам жок,
Сизге теңир узун  өмүр сунса экен.

Далее

Мамлекеттик тилди өнүктүрө алабызбы?

Кыргыз тили… Орус тили… Бул эки тил биз пайдаланып келген мамлекетибиздеги  негизги тилдер. Бирок,  биз мамлекеттик тилибизди өнүктүрөбүз деген сөздөрдү  көп жылдардан бери чарчабай  айтып келебиз. Ошол эле учурда бул маселе ордунан козголбой тургандай сезилет. Туура, көчөлөрдүн, кеңселердин, мекемелердин аттары кыргызчаланды. Тил өнүксүн деген аракет менен   көптөгөн уюштуруу иштерин да жүргүзүп келебиз.  Кандай деген менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө болгон биринчи кадам ар бирибизден болуш керек. Биз окуучулар да мамлекеттик тилибизге кам көрүшүбүз зарыл.. Бирок мамлекеттик тилге кам көрүү деген жалаң кыргызча гана сүйлөш керек, башка тилдин зарылчылыгы жок деген сөз эмес. Эгер мүмкүн болсо көп тил билсең эч убакта зыяны тийбейт.

Далее

Кышкы каникул

                                                                                          

Быйылкы кышкы каникул өтө узак болду. Кыргызстандын мектеп окуучулары 24-декабрдан 14-январга чейин эс алышты. Бул кардын көп жаашына жана катуу суукка байланыштуу болду дешет.

Кышкы каникул мезгилинде 2012-жылды узатып, жаӊы 2013-жылды тостук. Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандагы эӊ бийик балаты орнотулду. Элдер ошол жакка үй-бүлөлөрү менен барышып, Аяз ата жана Аяз кыз менен сүрөткө түшүшүп, салют атышып жана бийлеп жатышты. Биз да үй-бүлөбүз менен бардык. Жаңы жылды көӊүлдүү тостук.

Далее

Сүйүктүү шаарың туралуу билесиңби?

                                                                                                     

Ош шаарынын көркүнө көрк кошкон эстеликтердин бири – Ош аэропортунан Ош шаарына кире бериш жолдогу Касымбеков атындагы көчөдө курулган «Айкөл Манас» монументалдык комплекси». Бул комплекс Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун демилгеси менен 2012-жылы курулуп, ушул эле жылы 11-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин, Ош шаарынын коомчулугунун, шаар тургундарынын катышуусунда ачылган. «Айкөл Манас» монументалдык комплексинин курулушунун баасы 31 млн. сомду түзгөн. Адистердин айтымында эстеликтин бийиктиги 24 метр...

Далее

Шайназарова Кызжибек: «Бүтөөрдө тайгаланган баарынан кыйын го…»

Мен маекке тарткан кыз Шайназарова Кызжибек «Олимп» мектеп-гимназиясынын 11-классында окуйт.

– Кызжибек, кайсы класстан  бери жалаң 5ке окуйсуң?
– 1-класстан баштап жалаң 5ке окудум. Кийин көнүп калдым. Азыр өзүмдү башкача элестете албайм.

– Сага кайсы сабактар жагат?
– Бардык сабактарды терең окуганга аракет кылам. Айрымдар айтат эмеспи, мен врач болгум келет, мага адабияттын, тарыхтын эмне кереги бар дешет, же тетирисинче мен тилчи болгум келсе, алгебра, физиканын эмне кереги бар дешет. Мен мындай пикирлерге кошула албайм. Менин оюмча адам ар тараптуу өнүгүш керек да. Туура, баарын билүүгө мүмкүн эмес, бирок мүмкүн болушунча көптү билүүгө аракет жасаш керек. Мен орус тили жана адабиятынан олимпиадага катышкам, андыктан мен ушул сабактардан күчтүү окуйм десем болот. Бирок мага англис тили, тарых, география, гуманитардык сабактар да жагат. Ал сабактардан да жакшы окуйм.

Далее

Дүйнөнүн 7 керемети

                                                                                                                  

Дүйнөдө 7 керемет бар экенин көбүбүз билебиз. Бирок мектеп  окуучуларынын бардыгы эле билет деп айтыштан алысмын. Биз өз гезитибизде окуучуларды ошол дүйнөдөгү 7 керемет менен тааныштырууну чечтик. Бул саныбызда ошол 7 кереметтин биринчииси Фараон Хеопстун пирамидасы  жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Пирамида «Ахед-Хуфу»-«Хуфунун(Хеопстун) кайра жаралышы» деп аталат.

Далее