Дүйнөнүн 7 керемети

                                                                                                                  

Дүйнөдө 7 керемет бар экенин көбүбүз билебиз. Бирок мектеп  окуучуларынын бардыгы эле билет деп айтыштан алысмын. Биз өз гезитибизде окуучуларды ошол дүйнөдөгү 7 керемет менен тааныштырууну чечтик. Бул саныбызда ошол 7 кереметтин биринчииси Фараон Хеопстун пирамидасы  жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Пирамида «Ахед-Хуфу»-«Хуфунун(Хеопстун) кайра жаралышы» деп аталат.

Хеопстун пирамидасы биздин эрага чейин III кылымдын орто ченинде (б.э.ч.2560-жылы) египет фараонунун төртүнчү династиясы Хуфу (Хеопс) үчүн бейит катары курулуп бүткөн. Курулуш 20 жылга созулуп, анда 100 000ден ашык жумушчулар иштешкен.Тарыхый летопистерге таянсак аталган пирамиданын расмий  туулган күнү так  айтылбай келүудө. Ошентсе да  пирамиданы көптөгөн математикалык жана астрономиялык  изилдөөлөрдөн улам  окумуштуулар  пирамида  биздин эрага чейинки 2470-жылдын 23-августунда туулган деп айтып келишүүдө. Бул улуу пирамиданын архитектору Хеопстун вазири жана жээни  Хемиун .болгон деп айтылат тарыхта.

Таң калтырганы пирамиданын азыркы учурга чейин бузулбай  турганы. Пирамида Египет мамлекетиндеги Гиза шаарында азыркы Каир шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул Египеттеги пирамидалардын эң бийиги жана чоңу болуп эсептелинет. Анын бийиктиги 147 метрге жетет.

Каныкей Бактыбекова,
Ош шаарындагы №38 Барпы атындагы орто мектебинин
10-классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>