Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн камкордук

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Алтын мезгил» коомдук фондунун демилгеси менен «Наристе» балдар борбору ачылды. Балдар борборунун жетекчиси Зебиниссо Эргешованын билдирүүсүнө караганда бул борбордо азыркы мезгилде 25 бала тарбияланууда. Балдар бул жерге күндүз келишип, кечке чейин  борбордо болушат. Түштүктө кулагы укпаган жана психикалык жактан жабыр тарткан балдарды бала бакчалар алышпайт, анан дагы аларды кароочу адистер аз. Бул багытта даярдыгы бар адистер аз болгондуктан, биз ата-энелер менен биргелешип ушул борборду ачканбыз,-дейт Зебиниссо Турсунбаевна.

– Азырынча бул Ошто эле болуп жатат. Бирок Жалал-Абад жана Баткен облустарынан угуп келген ата-энелер да бар. Алар балдарын Бишкекке, Алматыга же Россияга алып барып көрсөткөнгө мүмкүнчүлүктөрү болбойт эле. Азыр эми жок дегенде бизден маалымат алып кетишет. Балдардын мындай ооруларында  эрте же убагында айтылган кеп-кеңештер болсо, ошол дагы аябай көп жардам берет экен. Мисалы, мен андай окуяларды көп кездештирип жүрөм. Биринчи ата-энелер келишет, алардын балдары 15-20 жашта. Кээ бирлеринин кулагы укпайт же таптакыр сүйлөбөйт. Аларды сүйлөтүү үчүн дарылап же атайын сабактар өткөрүлөт. Азыр заманбап уктуруучу аппарат чыккан. Аны деле билбеген ата-энелер бар, бирок сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал аппарат 10-15 жылга чейин жетет. Убагында кеп-кеңеш алган ата-энелер Бишкекке барышып, балдарына кандай жардам берүүнүн жол-жобосун үйрөнүп келип жатышат.  Мындай балдарга эч качан крест койбош керек. Кулагы укпаган бала сүйлөй деле албайт деген туура эмес. Алар кадимкидей эле тил менен сүйлөшөт, окутсаң окушат. Күчтүү угуу аппараттары менен 100 пайыз укпаса дагы, кандайдыр бир үндөрдү угуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бизде жашты чектөө жок, себеби кулагы чала уккан жана укпаган чоңоюп эле калган балдар келишет, биз аларга чек койбойбуз. Анткени, аларга дайым жардам керек болгондуктан, биздин борбор аларга дайыма жардам бергенге аракет кылат. Биздин борбор фонддон же эл аралык уюмдан каржыланган эмес. Биз фондду өзүбүздүн жаныбыздан каржылап келе жатабыз.

– Сиздер ушул борборду эмне себептен негиздеп жатасыздар. Өзүңүздөр каржылаганга эмне себеп болду?

– Мунун себептери аябай көп. Мен 2008-жылы Бишкектен Ошко көчүп келгенмин. Ошол жылы менин кызым катуу суук тийип ооруп калып, врачтар күчтүү антибиотик беришет. Андай учурда кулагы укпай калышы мүмкүн экенин мага билдиришкен эмес. Кийин эле менин кызымдын бир жарым жашында кулагы укпай калды. Кызым эмнеге укпай жатат деп врачтарга кайрылдым.Аргам кетип, Кыргызстанда адистер жок болгондуктан Россия, Казахстанга чейин алып барганмын. Интернеттен издесем башка өлкөлөрдө, Европада, Россияда кулагы укпагандарга атайын операция жасашат экен. Операция болгондон кийин атайын аппарат менен жүрөт, биз уккандай эле угат экен. Бул аппаратар Россиянын жана Казахстандын жарандарына акысыз берилет экен, а бизде мүмкүнчүлүк жок болгонлуктан акы төлөнөт экен. Анан биз 3-4 жыл акча чогулттук, адамдар жардам беришти. Кызымдын бир кулагына операция жасатып келгенбиз. Азыр кудайга шүгүр угуп, сүйлөп калды. Мага ошо түрткү болду. Мен интернеттен көп маалымат алгандыгым үчүн ушул жолго бардым. Азыр көп ата-энелердин жана адистердин маалыматы жок болгондугуна байланыштуу мен 2009-жылы Ошто ушундай борборду ачууга бел байладым, бирок щартым болбой жүрдү. Анан былтыр колдоочулар чыкты. Коомдук фонддун директору да ошондой борбор ачканы жатканын билдирди. Биз Бишкектен адис чакырып, 13-14-октябрда семинар өткөргөнбүз. Ошондо Түштүк аймагынан абдан көп адамдар келишти. Менин таң калганым, ошол күнү эртең мененки саат 8ден баштап кечки саат 20га чейин 80ден ашуун адамды кабыл алдык. Эртеңки күнү ата-энелер бизге семинар өткүлө деп келишти. Мен семинар өтүп жаткан учурда түштүктө реабилитациалык борборлор аз, адистер жок экенине, аппаратуралар азыркы күндүн талабына жооп бербей турганына түшүндүм. Келечекте пландарыбыз көп, кудай колдосо, эл колдосо, эл аралык уюмдардын жардамын карап олтура бербей, өзүбүз да аракет кылышыбыз керек. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көрүп боорум ооруйт, алар үйүнөн башка эч жакка баралбайт же достору жок. Эми биздин келечекке пландарыбыз көп, буюрса түштүк регионунда чоң реабилитациалык борбор ачып, аны азыркы талапка жооп бере турган техникалар жана адистер менен камсыз кылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын да бара турган, кайрыла турган борборуна айландырабыз деген оюбуз бар.

Автордон: Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 6 атайын адистештирилген мектептер бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ошол мектептерде жатып билим алышат. Ал эми шаар боюнча үй шартында билим алган 81 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катталган, бирок 499 майып бала мектептерге өздөрү келип-кетип окушат. Майып балдардын окуу программасында мектептеги курдаштары өздөштүргөн программадан айырмасы бул балдар кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша жумасына 4 күн гана окушат. Алардын арасында балдардын церебралдык шал оорусу, начар көргөн, сүйлөө речи жакшы өрчүбөгөн жана башка дартка чалдыккандар бар. Yй шартында билим алган балдардын атайын сабактар боюнча жадыбалы бар, андагы коюлган сабактар мугалимдердин жана ата-энелердин көзөмөлү алдында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Кээ бир учурларда мугалимдер кошумча сабак өтүп баарлашып да турат.

Мугалимдердин айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй шартында мектепке берилүүчү билимди алууга мүмкүнчүлүгү өсүп келе жаткан муундардын сабаттуу болуусуна жол ачып, алардын коомдо өз ордун табуу үчүн чоң өбөлгө түзөт.

Нурсеит Мамасадыков,
№17 Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын
10 «А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>