Сүйүктүү шаарың туралуу билесиңби?

                                                                                                     

Ош шаарынын көркүнө көрк кошкон эстеликтердин бири – Ош аэропортунан Ош шаарына кире бериш жолдогу Касымбеков атындагы көчөдө курулган «Айкөл Манас» монументалдык комплекси». Бул комплекс Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун демилгеси менен 2012-жылы курулуп, ушул эле жылы 11-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин, Ош шаарынын коомчулугунун, шаар тургундарынын катышуусунда ачылган. «Айкөл Манас» монументалдык комплексинин курулушунун баасы 31 млн. сомду түзгөн. Адистердин айтымында эстеликтин бийиктиги 24 метр. Айкөл Манастын эстелигинин архитектору жана дизайнери Равшан Маматкулов.

Маектешкен Элнура Кылычбек кызы,
№17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын
10 «А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>