Ырлар

Апаке

Жакшы сөздүн баары сизге жарашат,
Жылмайсаңыз ууртуңузда таң атат.
«Балам»,-деген мээрим төккөн жалгыз сөз,
Канат тагып, демиме дем жаратат.

Ою таза, көңүлү ачык апакем,
Бешенеңден нур чачылып  турса экен.
Бул өмүрдө  сизден  артык адам жок,
Сизге теңир узун  өмүр сунса экен.

 

Эмне үчүн?

Эмне үчүн бул жашоо
Кээ бирөөгө оор болот?
Кээ бирөөлөр кор болот,
А эмнеге, эмне үчүн
Кээ бирөөгө зор болот?

Кыйналгандар чыдап келет,
А байлар байлыгына жыргап жүрөт.
Эмне үчүн теңсиз дүйнө,
Чиренип байлыгына «оо байкуш»,-деп,
Кедейге колун кезеп, байлар  күлөт.

 

Ай, аппак кар керемет…

Айлана аппак тон кийип,
Чыкыроон, суукка толгондо.
Муз жалтырап жолдордо,
Кыш мезгили болгондо.

Жаңы жыл тосот бүт дүйнө,
Саат 12 болгондо.
Балдар жыргап ойношот,
Жер жүзү аппак болгондо.

Жолдор тоңсо жыргашып,
Балдар чана тебишет.
Үшүгөнүн кечинде,
Үйгө келип сезишет.

Бекназар Ысабек уулу,
№17 Ю.Гагарин атындагы орто
мектебинин 10 «А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>