Оштун чыгыш дарбазасы

                                                                                               

2012-жылдын 16-декабрында Ош шаарына Бишкектен жана Алай, Ѳзгѳн, Кара-Кулжа тараптан Ош шаарына кирүучү  Монуев атындагы кѳчѳдѳ шаардын  Чыгыш дарбазасы курулуп расмий түрдѳ ачылган.  «Кыргыз Кѳчү»  деп аталган монументалдык   композиция менен жасалгаланган бул аркада  кыргыз элинин кылымдар бою басып ѳткѳн жолу чагылдырылып, арка сыяктуу жарым айлампада кыргыз элинин боз үйүнүн түндүгү орнотулган.

Дарбазадан кире бериште  Алымбек Датканын  ат үстүндѳгү айкели коюлуп, эки четинде эки жолборс турат. Кире бериш дарбаза түнкүсүн жарыктандырылып, айланасына түрдүү кооз гүлдѳр эгилген. Бул дарбаза монументалдык композициясы жана айкелдери менен жергиликтүү  бюджеттен каржыланып, курулуш 68 млн. 500 миң сом каражат  менен бүткѳрүлгѳн. Курулуш 2010-жылы башталып, «Микромедиа»» жоопкерчилиги чектелген ишканасы тарабынан курулган. Композициянын долбоору «Ошгипрострой» ишканасы тарабынан бүткѳрүлгѳн.  Арканын бийиктиги 22 метр, ал эми Алымбек Датканын айкелинин бийиктиги 6 метрди түзѳт.

                                                           Элнура Кылычбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>