Биринчи жолу паспорт алып жаткан 100 миң кыргызстандыкка ушул жылдан тарта ID-карталар бекер берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу КРнын вице-премьер министри Тайырбек Сарпашев 16 жашка чыккан жана жаңыдан паспорт алып жаткан 20 өспүрүмгө паспорт тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымында, биринчи паспорт алуу укугуна жыл сайын 114 000дей жаран ээ болот. Ал эми жаңы башталып жаткан 2013-жылдагы бул долбоор быйыл сынамык долбоор катары ишке киргизилген: «Азырынча бул сынамык долбоор болуп эсептелинет, бирок, эгерде анын жүрүшү талаптагыдай ишке ашса, анда мындан ары 16 жаштагы жарандарыбызды бекер паспорт менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот», – деди Т.Сарпашев.
Бул ар бирибиз үчүн чон жанылык. Анткени буга чейин жөнөкөй гана ID-kardга деле кѳп акча кетчү. Эгерде паспортту өз мөөнөтүнөн эрте алалы десек 5000-7000 миңдин тегерегинде акча табышыбыз керек болчу. Мындай суммадагы каражатты таба албаган жаштар паспорт алалышпай кыйналган учурлар кѳп эле болгон. Ѳзгѳчѳ жардамга муктаж үй-бүлѳлѳрдүн балдары кыйналышкан. Кубанычтуусу, мындан ары ар бирибиз акы төлөбөй кыргызстандын жарандыгын расмий түрдө алсак болот экен.
Белгилей кетүүчү жагдай ID-kard алам десеңер төмөндөгүдөй документтерди топтоо керек экен.
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
- 4×3 форматындагы 8 сүрөт
- Жашанган жеринизден маалымдама
- Ата-энендин паспортторунун көчүрмөсү.
- Ата-энендин Нике күбөлүгү да керектелет.
Каныкей БАКТЫБЕКОВА
Комментарии