Кызык, эмнеге бардык адамдар мындай эмес…

                                                                                                                    

Айлана аппак, эшикте лапылдап кар жаап жатат. Терезеден аппак карды Алина дайыма карай берет.Таптакыр түшүнбѳйм, ал эмнеге жамгыр, же кар жааса  акмалап кѳзүн албайт? Мектепте кѳп эле сүйлѳй бербейт, дайыма китепканадан чыкпайт. Сырдашы сыягы китеп го… Анын  жүрүм-туруму, ар бир сабакка  катышуусу  ѳтѳ ѳзгѳчѳ. Баарынан мактоого татыктуу. Мен аны карай берем, карай берем. Карагандан эч тажабайм, акыркы мезгилдерде  ѳзүмѳ -ѳзүм суроо бере баштадым. Эмне үчүн ал менден күчтүү окуйт, ал эмнеге убактысын текке кетирбей  пайдалуу иштерге жумшайт,-деген суроолор бүт денемди курчап алды. Ѳзүмдѳн-ѳзүм туталанып, ага кадимкидей атаандаша баштадым. Китепканага бардым, китепти барактап, барактап, окуган адам болуп жүрдүм. Алинага кѳзүм түшүп калды. Ал дагы деле китептен кѳзүн албайт. Анда-мында терезеден айланага кѳз чаптырып,  кайра окуганды улантат. Эмне үчүн ал ушундай?


Мен эмне үчүн ушунчалык китеп окуйм дейм, бирок  Алинага жетпейм деп ойлоно бердим, ойлоно бердим. Акыры аны менен дос болууну  эп кѳрдүм, ушундай чечимге келдим. Бирок ал мени кѳп деле сүйбѳйт.  Кийинчерээк аны түшүнѳ баштадым. Ал менин эң жакын курбума айланды. Ал эмнеге китептерди кызыгуу менен окуганын түшүндүм, анткени  ал бүт жашоосун китепке арнаган экен. Бирок мен дагы деле бир нерсени түшүнбѳдүм. Ал эмнеге айлананы суктануу менен карайт, бул ага берилген талантпы, же кызыгуубу, айтор азыркыга чейин түшүнбѳйм. Мен канчалык Алинадай болоюн десем да  эч боло албай койдум. Ар бир адамдын ѳзүнѳ гана таандык ѳзгѳчѳ таланты болот экен да.

 Нурия ЭРАЛИ кызы
  Ю.Гагарин атындагы мектеп-лицейинин
8»А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>