Жаркын келечекке тамекисиз барбайлыбы!

Азыркы учурда кѳчѳдѳ, ар бир тѳртүнчү мырзанын же айымдын тамеки чегип жатканын кѳрѳбүз. Кийинки мезгилдерде бул нерсе коомчулук үчүн жат кѳрүнбѳй калды. Кимиси болбосун тамекинин буусун үйлѳп, ырахаттанып чегип турганын кѳрѳсүң. Аны кѳргѳн жаш балдар кызыккыдай  үйлѳшѳт. Ишканаларда, коомдук жайларда да чегишет. Жада калса мектепте жашырынып чеккен окуучулар жок деп айта албайбыз. Кѳп учурда жашпыз, эч нерсе болбойт, эркек болгондон кийин чегет да деп тамекини жан шерик кылгандар кѳбѳйүүдѳ. Бирок тамекинин терс таасири, зыяндуулугу спирттик ичимдиктерден, баңгиликтен, насвайдан калышпайт. Тамеки чеккендердин катарында рак оорусуна чалдыккандар, ал тургай  ѳпкѳсү начарлап, түрдүү ѳпкѳ ооруларына тушуккандар андан да кѳп.


Бул бара-бара күчѳп жаткан глобалдык проблемалардын катарын толуктоодо.Медиктер тѳрѳлүп жаткан жаш наристелердин денесинде бир кемчилдик менен тѳрѳлүүсүнѳ, же психикалык жактан оорулуу болуп тѳрѳлүүсүнѳ тамекинин түздѳн-түз таасири бар дешет.  Туура, мырзалар  илгертен чегип келатышат дейли, бирок ошол эле учурда  энелерибиз да, кыздар да чегип алганына кандай түшүнсѳк болот?    Кантип анан биз   наристелердин  кемчилик менен  тѳрѳлүп жатканына  энелер  күнѳѳлүү эмес деп айта алабыз?

Биздин элибизден кандай гана нарктуу, ыймандуу, тарбиялуу, жада калса, кѳрѳгѳч, эл башкарган акылман, ѳз элин, ѳз жубайын сыйлаган баатыр энелерибиз чыккан. Алардын бири Курманжан Датка энебиз. Биз алар менен сыймыктанып, башка улуттарга мактанып жүрѳбүз. Бирок биздин энелерибиздин, эжелерибиздин наркы, баркы жѳнүндѳгү  легендаларыбыз куру бекер, ооз кѳптүрѳ айтылган сѳз боюнча калбасын десек, биз кыздарыбызды бул жаман адаттан алыстатып, сыймыктуу энелердин жолун улай турган кылып тарбиялашыбыз керек. Тамекинин зыяны жѳнүндѳ  дүйнѳ жүзүндѳ кѳп эле айтылып келүүдѳ. Демек биз, жалпы коомчулук, мырзалар да, айымдар да, жаш ѳспүрүмдѳр да тамекиден алыс болуубуз керек. Тамеки биздин  чѳнтѳгүбүзгѳ да, ден соолугубузга да зыян алып келет. Ѳз баласынын тамеки чеге баштаганын туйган  апаларыбыз капа болушат. Тамекини бала кезинде тартып алып таштай албай бушайман тарткандар канча дейсиз! Же жалганбы? Андыктан жалпы коомчулук бул тамекиден арылсак, мамлекетибиздин экономикасында, жаштарыбыздын келечегинде зор ѳзгѳрүүлѳр болот,-деп ишенем.. Бизди алдыда жаркын келечек күтүп турат, ошол күндѳргѳ тамекисиз барбайлыбы!

 

Бекназар ЫСАБЕК уулу,
№17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын 10 «А» классынын окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>