Чыңгызды эскерүү

Адам уккан атагыңыз кѳѳнѳрбѳс,
Жазганыңыз, ѳмүрүңүз улуу кѳч.
Сиздей инсан, сиздей залкар калемгер,
Бул жарыкка миң жылда бир тѳрѳлбѳс.

Жаралып бул жарыкка  калем менен,
Жаралып кѳѳнѳрбѳс талант менен.
Дүйнѳгѳ аты чыкты кыргызымдын,
«Кыргызстан» кѳрккѳ келип Чыңгыз менен.

Алп атуулу болуп кыргыз элимдин,
Сүйүү үчүн айкындадың демиңдин.
Жамиланы жүрѳктѳргѳ жеткире,
Шедеврге айлангандыр «Делбирим».

Ууз сүйүүсүн арнай албай сүйгѳн жанга,
Жүрѳк чѳктү кайта чыккыс арман сазга.
Уяңдыктан сүйүү сѳзүн айта албады,
Далил болуп махабатка «Кызыл алма.

Арагондун мындай деген кеби бар,
Ал сѳзүндѳ ак сүйүүнүн деми бар.
Жамиланы махабаттын пири деп,
Сонун баян деп эскерген жери бар.

Тилек менен, максат менен турмушту,
Жаңы үйлѳнүп, жаңы жашоо курушту.
Бирок баары жер менен жексен болду,
Оо Майсалбек, ойрондойм деп согушту.

Согуш чалмап, таш-талканын чыгарган,
Кайран дүйнѳ, кайран шордуу бул аалам.
Шум ажалга уулун берип тайманбай,
Оо Толгонай, азабына чыдаган.

Турна кайтса  бакыт кошо кайтаар деп,
Атакемин ал кабарын айтаар деп.
Султанмурат күттү үмүтүн үзѳ албай,
Атам кайтып жаңы турмуш баштаар деп.

Жараланган жаабарс сымал жалындуу,
Жан какшатып тоолор кулап болуп чуу.
Ошол кечте тоосу кулап кыргыздын,
Чыңгыз ѳлдү Эр Манастын тукуму.

Кайгылары ичте жанган от болду,
Үмүт ѳчпѳй куйкалана чок болду.
Анткен менен Чыңгыз ата жок бүгүн,
Ак кемедей бир кѳрүнүп жок болду.

Атын коштоп, сѳзүн даңктап улуулардын,
Намысн даңктап мекен Кыргызстандын.
Түбѳлүк атыңыз бар жашай берсе,
Таланттуу кѳчүн баштап акындардын.

 

Жоктур

Азыр жоктур ошондогу ѳмүрлѳр,
Сезим жоктур ал кездеги сүйүүдѳй.
Айтышууга махабаттын дастанын,
Дабыш жоктур Раймаалынын үнүндѳй.

Жалын жоктур Бегимайдын кѳзүндѳй,
Булбул, арген жоктур анын үнүндѳй.
Сүйүү үчүн алар болду күл  ойрон.
Тоодой кулап кыяматтын күнүндѳй.

Ошентсе да махабатын чанбады,
Тоскоолдукка кош тизеси бүгүлбѳй.

Ильяз уулу Адилет

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>