Олимп” мектеп-гимназиясында теннис боюнча мелдеш ѳттү.

                                                                         

26-январда “Олимп” мектеп-гимназиясынын окучуулары арасында теннис боюнча мелдеш ѳттү. Мелдешке 6-11 класстардын ичиненен 2-3тѳн эң мыкты теннис оюнчулары катышышты. Бардыгы   22 окучуу  эле. Теннис мелдеши “Олимп” мектебинде ар жылы кышында абдан кызыктуу ѳткѳрүлѳт. Быйылкы мелдеш алардан арттан калган жок. Оюндун күйѳрмандары мелдешке катышкан досторун активдүү колдоп жана кол чабып турушту. Оюндун шарты боюнча утулган оюнчулар мелдештен чыгууга мажбур болушат. Ал эми жарым финалга жеткен оюнчулар финалга чыгууга жана  үчүнчү орунга ойношту. Оюндун калысы дене тарбиянын мугалими Моминов Рахматулло болду.


Балдардын мелдеши.10-класстын окучуусу Ибрагим уулу Малик  жарым  финалда 8-класстагы Абдижалилов Бенжаминди кыйын оюнда жеңип алды. Маликтин финалдагы атаандашы 7-класстын окучуусу Кадыров Темирлан болду. Ал ѳзүнүн классынын намысын коргоп, жарым финалда 9-класстагы Тойгонбаев Адилетти жеңип,ал эми финалда Маликти 2:1 эсеби менен утуп, биринчи орунга ээ болду. Учунчу орун үчүн Тойганбаев Адилет Абдижалилов Бенжаминди утту.

Кыздардын мелдеши балдардыкына караганда ѳтѳ кызык болуп ѳттү. Күйѳрмандар кыздардын мелдешине кѳп келип, кѳбүрѳѳк кол чаап, колдоп турушту. Ал эми балдардан жарым финалда жана финалда эч ким деле калган жок. 1-орунду 9-класстын окучуусу Байбагышева Айдай утту, 2-орун дагы 9-класстын окучуусу Байматова Алтынайга, 3-орун 6-класстын окуучусу . Анарбаева Айдайга ыйгарылды.

                                                                     Азамат Маматалы уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>