Ата-энеси чет жерде жүргөн курбумдун жашоосу

Кайсы ата-эне болбосун ѳзүнүн балдарына мээримин тѳгүп,  тарбия берет эмеспи. Бирок азыркы мезгилде тиричиликтин айынан канчалаган ата-энелер балдарын багуу үчүн чет жакага иштегени кетишүүдѳ. Балдарын болсо жакын адамдарына  таштап кетишкен үй бүлѳлѳрдү акыркы мезгилде  кѳп кездештирип калдык. Ата-эненин мээримине муктаж болуп,  жакшы тарбия албай кээ бир балдар жаман жолго түшүп кетишет,  а кээси тескерисинче  ата-энем мени багам  деп кыйналып чет ѳлкѳдѳ иштеп жүрѳт деп   жакшы  жолго умтулушат, үлгүлүү жүрүп, жакшы окуганга аракеттенишет. Ошондой окуучулардын бири-менин эң сүйүктүү курбум Нуржан, ал экѳѳбүз Ю.Гагарин  атындагы мектептин 8»А»-классында бирге окуйбуз.

Нуржан  ак кѳңүл, мээримдүү, сабырдуу кыз. Ѳкүнүчтүүсү анын ата-энеси да чет ѳлкѳгѳ иштѳѳ үчүн  кетишкен. Нуржан ата-энесинин жүзүн жер каратпастан тескерисинче  аябай аракеттенип, сабакты жакшы окуйт. Класста үлгүлүү кыз. Анан шайыр. Бирок  кээде ачуусу келип апасы менен атасын эстеп ыйлап жиберет. Анын жүзүн кѳрүп эле куса болуп жатканын даана байкайм. Кээде сабакта жүргѳндѳ бир нерселерди ойлоно берет, бир жолу эжей баяндоочко сүйлѳм түзчү десе, ал минтип жооп берген эле: ордунан туруп, үй десе болобу, бардыгыбыз күлүп жибердик, айрыкча мен. Кийин анын абалын эстеп уялып жүрдүм. Мен анын ата-энесин сагынып жүргѳнүн унутуп коем. Байкабай анын кѳңүлүн оорута турган суроо берип алам, анда ал болдучу деп мага  таарынып калат. Мен андан “ата-энең жаныңда  жок болсо кандай болосуң” деп сурасам, ал минтип жооп берди: “-Ата-энем жок болсо менин оң колум жок болгондой эле болот. Айрыкча мен үчүн эң кымбат апам, анын менин башымды сылап жылуу мээримин тѳгүшүн, сабактан келгенде жадырап-жайнап ысык тамагын даярдап туруусун каалаар элем. Урушса деле мейли болчу. Бирок азырынча мындай болбойт, жакында апамдар Россиядан келишет, ага чейин мен жакшы окуп, ата-энем келгенге чейин кѳп жакшы иштерди кылышым керек. Себеби алар келип мен үчүн кубанышсын дейм. Мен чыдашым керек, сабырдуу болушум керек деп кѳзүндѳгү мѳлтүр жашты аарчып койду. Ага кыйын, бирок эмне кылсын, сабыр гана кылуу керек да. Ата-энелер ѳз балдарыңар менен чогуу жашагылачы …

                               Нурия Эралы кызы,
Ю.Гагарин атындагы мектебинин 8”А” классынын окуучусу.

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>