«Барс-Бек каган» сыйлыгы жаштарга

2013-жылдан баштап Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети тарабынан  жаштар үчүн «Барс-Бек каган» сыйлыгы  негизделди. Жаштар комитетинин тѳрагасы Сонунбек Жунусбаевдин айтымында бул сыйлыкты негиздѳѳ менен  жаштардын чыгармачылыгын, билимин ѳнүктүрүү менен алардын саясий жана атуулдук  активдүулүгүн жогорулатууга жана алардын жѳндѳмдүүлүктѳрүн ѳнүктүрүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүлмѳкчү.

Сыйлык 12 багыт боюнча жылда  берилмекчи. Алардын катарында адабият, музыка, журналистика, телекѳрсѳтүү, спорт, театр жана цирк чеберчилиги, сүрѳтчүлүк, илим жана жаңы технология, жаштар устачылыгы жана чеберчилик, бий жана башка багыттар боюнча жаштар чыгармачылыгы камтылмакчы. Сыйлыкка татыктууларга  лауреаттык диплом, «Барс-Бек кагандын» статуясы жана 5 миң сомдон сыйлык  ыйгарылмакчы . Сыйлык жылда  35 жашка чейинки жаштарга ыйгарылмакчы.

                                                                                                  Азамат Маматалы уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>