Мен «2» алганда

Мен үчүн эң кыйын предмет –бул алгебра, химия. Алар мен үчүн ѳтѳ татаал сабактар. 26-январь күнү да бизге химия  сабагы болду. Ал күнү мен үй тапшырмасына даяр эмес элем. Эптеп шылтоо кылып жооп сурап кетип  калайын десем эжеке жооп бербей койду. Айлам жок эмне кылат элем, отуруп калдым. Эжей үй тапшырмасын чекеден сурай баштады. «Даяр эмесмин»,-деген сѳздү укканда жини келип кетти да.

-Алып кел күндѳлүгүндү,- деди. Бул сѳздү укканда жүрѳгүм шуу  дей түштү. Күндѳлүгүмѳ кыпкызыл сыя менен «2» коюп койду. Ѳмүрүмдѳ биринчи жолу «2» алдым, жүзүм кызарып, кѳзүмдѳн мѳлт-мѳлт этип жаштар куюла баштады. Колум титиреп, аябай жаман бодум, жада  калса жанымдагы  курбуларым эмне дегенин да укпай калыпмын. Мен ошондон кийин ар бир сабакка даярданып барууга ѳзүмѳ-ѳзүм сѳз бердим. Мага ошол «2» сабак болду окшойт. Ойлоп кѳрсѳм «2» алган аябай жаман экен. Мен эми «2» албаганга аракет жасайм.

Нурия Эрали кызы,
№17 Гагарин атындагы гимназия мектебинин
8 «А» классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>