Ош шаарында «Мисс Ош – 2013» сынагы өткөрүлдү

«Мисс-Ош-2013»  сынагында  13 кыз  таймашты.  Таймаштын  5 шартын аткаруу үчүн кыздар абдан аракеттеништи.   Адегенде кыздар ѳздѳрүн –ѳздѳрү тааныштырышты, андан соң  улуттук кийимдерди,  үлпөт көйнөктѳрүн кийип чыгышты. Эң кызыктуусу алардын суроо-жооп боюнча таймашышы  болду.

Сынактын айрым катышуучулары суроолорго даяр эмес экендиктерин кѳргѳзүштү. Сынактын жыйынтыгында «Мисс Ош – 2013» наамына Жайнагүл Жаркынбаева татыктуу болду. Ага «Мисс Кыргызстан – 2013» сынагына катышууга жолдомо жана тапшырылды. «Вице Мисс Ош – 2013» наамына Екатерина Заболотова, ал эми «II вице Мисс Ош – 2013» наамына Жумагүл Мамасалиева татыктуу болушту.

                                                                                                     Азамат Маматалы уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>