Ош шаарындагы чыгармачыл окуучулардын сынагы жыйынтыкталып, калыстар 5 жеңүүчүнү аныкташты. Сынак быйыл жарыяланган Эмгекчилердин жылына карата шаардагы мектептердин 9-11 класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн.
Катышуучулар Кыргызстанда илимдин, жаңы технологиялардын өнүгүшү, эмгекчилердин бейнесин сүрөттөгөн эссе жазуу, сүрөт тартуу жана шахмат ойноо жагынан мелдешишти.Анын жыйынтыгында №32 мектептин 9-классынын окуучусу Жумабай кызы Акылай, №20 мектептин окуучусу Айжан Турсунбаева мыкты эссе жазуу боюнча жеңип чыгышты. Ал эми сүрөт тартуу жагынан №20 мектептин окуучусу Алмазбек уулу Чынгыз тандалды. Ушул эле мектептин 9 классынын окуучусу Тимурлан Султаналиев шахмат ойноо боюнча мыкты деп табылды. Жеңүүчүлөр Бишкек шаарында өтүүчү республикалык мелдешке катышууга жөнөп кетишти.
Маматалы уулу Азамат,
«Олимп» мектеп-гимназиясынын окуучусу
Комментарии