Шаар тазалыгы кимге керек?

                                                                                                    

Ош шаары күндѳн-күнгѳ жашарып, кооз шаарга айланууда. Шаардын мерчемдүү жерлерине эстеликтер курулуп, эс алуу бактары ирээтке келтирилип, кѳчѳлѳр оңдолуп, түстүү оргумалар курулуп, түнкү жарыктар жаркырап, бүгүнкү күндѳ шаар кулпунуп турган мезгили. Бирок шаарыбызда кѳйгѳй жок, телегейи тегиз деп айтуудан алысмын. Кѳйгѳй  кѳп, бирок баарыбыз кааласак чечиле турган кѳйгѳйлѳр. Ошол кѳйгѳйлѳрдүн эң орчундуусу-тазалык.

Шаар ичинде тазалык болсун деген ниетте жергиликтүү бийлик тарабынан кѳп иштер аткарылууда. Акыркы жылдары шаардын кѳп жерлеринде  таштанды үчүн атайын  контейнерлер орнотулду. Таштандыларды ташуучу автомашиналардын саны кѳбѳйүүдѳ. Бирок жагдай кѳнүлдѳгүдѳй жакшырбай келүүдѳ. Туура, элдин баары эле таштандыны талаага таштап койду деген  пикирден алысмын. Бирок таштандыны кѳчѳнүн чеке-белине, жол боюна, таштанды тѳгүлѳ турган контейнердин тегерегине ыргытып койгондор да жок эмес. Кѳбүнчѳ таштандыны жаш балдарга тѳктүрүшѳт. Таштандыны зорго кѳтѳргѳн жаш бала колундагы пакетти бурчка ыргытып коюп качканын кѳп кѳрѳбүз. Кээде айрым байкелер машиналарынан кѳчѳгѳ таштандыларды ыргытышат. Анан кантип биздин шаар таза болот? Анан кантип ошол кѳрүнүшкѳ күбѳ болгон биздин кичинекей бѳбѳктѳр таштандыны атайын контейнерлерге ташташат? Кантип ошол байкелер балдарына таштандыны кѳчѳгѳ таштабаш керек,  атайын контейнерге таштоо керек деп айта алышат? Биз шаарыбыз таза болсун, шаарыбыз менен сыймыктаналы  десек баарыбыз кам кѳрүүбүз керек. Шаар тазалыгы ар бирибиз үчүн зарыл экенин бардыгыбыз түшүнүүбүз керек. Эгер биз шаарыбызды булгабасак, анын тазалыгы үчүн бардыгыбыз күрѳшсѳк  шаарыбыз таза болоорун унутпасак дейм…

                                                                    Адилет Ильяз уулу,
№31 Курманжан Датка атындагы орто
мектебинин  9-«Б» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>