Daily Archives Суббота марта 2nd, 2013

Жомок. Акылдуу бала

Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, деди. Баласы капаланып: Ата, эгер мени адам кылам десеңиз  уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, деди.  Ууру аябай ачууланды: Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!

Далее

Барс-Бек кагандын монументалдык комплекси

Барс-Бек каган

Барс-Бек-кагандын монументалдык комплекси

 Ошто жаңы курулган келишимдүү  айкелдердин бири -2012-жылы   Ош шаарынын күнүнѳ карата  курулуп бүтүп, 5-октябрь күнү ачылган   Барс-Бек-каган монументалдык комплекси.  Барс-Бек-кагандын айкели шаардагы Кулатов кичи районунда, Г.Айтиев жана Б.Осмонов атындагы кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде, Араван, Ноокат автожолунда  курулду. Монументалдык комплекстин курулушуна шаардык бюджеттен 11 млн. сом каражат бѳлүндү. Аталган комплекстин долбоору  скульптор Равшан Маматкулов тарабынан иштелип чыгып курулду...

Далее

Жаңылыктар

Шаардык олимпиадада  П.Нышанов атындагы мектеп алдыда

Ош шаарындагы П.Нышанов атындагы № 50 мектеп –гимназиясынын окуучулары 12-январда болуп ѳткѳн шаардык олимпиадада жакшы ийгиликтерди жаратышты. Олимпиадада    11-класстарынан 6 окуучу ийгилик жаратса, алардын тѳртѳѳ биринчиликти алды, 9-10 кластарынын окуучуларынын арасынан 9 окуучу алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Бул окуучулар азыркы убакта 26-февралда боло турган аймактык олимпиадага кызуу даярданып жатышкан убагы. Албетте, биз № 50 мектеп –гимназиясынын мугалимдери жана окуучуларынын атынан ийгилик каалап, алардын жетишкендиктер менен келишине ишенебиз.

Далее

Суунун баркына жетели

Дүйнѳдѳ биз аларсыз жашай албай турган маанилүү нерселер кѳп. Алардын катарына суу, аба, от жана башкалар кирет. «Суу алтындан да кымбат» деп биздин чоң эне, чоң аталарыбыз бекеринен  айтпаса керек.  Сууну бекер ысырап кылба, сууну  этиятта, агын сууга таштанды ыргытпа деп калышат ата-энелерибиз. Бирок суунун кадырына кѳп учурда жетпейбиз. Менин досум да ушуну кѳп айтат, анткени ал суунун кадырын билет.

Далее

Ош шаарын ѳнүктүрүүнүн бир тармагы-туризм

Сулайман Тоо

Ош шаарын ѳнүктүрүүнүн бир жолу туризмди ѳнүктүрүү деп ойлойм. Анткени шаарыбыздын чок ортосунда «Экинчи мэкке» аталган Сулайман тоосу жайгашкан, тоонун ѳзүндѳ эле туристтер кызыга турган канчалаган  тарыхый археологиялык эстеликтер, музейлер, үңкүрлѳр бар. Кийинки мезгилдерде шаардын кире беришине дарбаза курулду. Чыгыш дарбазадагы «Кыргыз кѳчү» деп аталган  монументалдык композиция шаардын кире беришине ушунчалык кооздук берип турат. Ѳзгѳчѳ түнү шаарга кирип келаткан болсоң жаркыраган жарыкка ѳзүңчѳ кубанасың. Аэропорт тараптан келаткан жолдогу Манастын эстелиги, Араван, Ноокат жолундагы Барс-Бек-Кагандын эстелиги, Сулайман тоосунун этегиндеги түстүү оргума, Ош районундагы оргума, эс алуу бактары, жаңы түшүп жаткан жолдор, айтор шаарыбыз кѳз тайгылткан кооз шаарга айланууда.

Далее

Сурамжылоо: «Данек» гезитинен кандай материалдарды окугуңар келет?

Ош шаарындагы  мектептердин окуучуларына  «Данек» гезитинен  кандай материалдарды окугулары келе тургандыгы тууралуу сурамжылаганыбызда  алар тѳмѳндѳгүдѳй ойлорун айтышты: (Сурамжылоого  шаардагы №11 В.Терешкова атындагы жатак мектебинин  7 –классынын окуучулары  жооп беришти)

Садыков Темир

Темир  Садыков: «Данек» гезитин биринчи санынан бери окуп келатабыз. Мектеп окуучулары үчүн кызыктуу макалалар кѳп. Ѳзгѳчѳ «Дүйңѳнүн жети керемети», Ош шаарынын кооз жайлары тууралуу макалалар биз үчүн кызыктуу. Мен   «Кыргыз баатырлары» деген  темадагы материалдарды да  окугум келет».

Далее

Балдар чыгармачылыгынан

Г.Айтиев атындагы сурот мектебинин окуучусу, Сагынбаева Айдайдын тарткан суроту

Г.Айтиев атындагы сурот мектебинин тарбиялануучусу Сейитмаматова Элиза тарткан сурот

 

Курманжан Датка атындагы мектебинин 7-классынын окуучусу Аяна Сталкинова тарткан сурот

 

№31 Курманжан Датка атындагы мектебинин 7-класынын окуучусу Роза Уланбек кызы тарткан сурот

Далее

Жетекчинин орун басары окуучунун суроосуна жооп бералбай…

Ош шаарындагы балдардын «Келечек» чыгармачылык  борборунда балдар үчүн кѳптѳгѳн ийримдер иштейт. Ыр, бий, куурчак театры, комуз, кыздардын  чеберчилиги, балдардын устачылыгы, сүрѳт, айтор бул жерде чыгармачылыкты ѳнүктүрүүгѳ толук мүмкүнчүлүк бар. Ушул чыгармачылык борбордун ийримдериндеги  иштерди ѳз кѳзүбүз менен кѳрүп, сүрѳткѳ тартып, гезитибизге чагылдыралы деген ниетте кабарчыбызды- окуучуну жѳнѳтсѳк аталган мекеменин директору отпускада болуп чыкты. Ал эми ѳзүн завучмун, же директордун орун басарымын  деп тааныштырган Аида аттуу(ѳзүнүн айтымы боюнча)  кызматкердин борбордун иши тууралуу  сурообузга жооп бербегендигинен сүрѳттѳрдү  гана жарыялоого туура келди...

Далее

Жаныбарды сүйсѳң аны бага бил

Шаардык балдар ит, мышык,  тоту куш, ташбака жана башка үй жаныбарларын багууну жакшы кѳрүшѳт. Үйдѳ ит, мышыктын  пайда болушу балдарга чоң кубаныч тартуулайт. Менин кѳп досторумдун алабай, овчарка. короочу жана башка түрдөгү иттери, мышыктары  бар. Алардын кылык-жоруктары жөнүндө айтып берүүдөн тажашпайт. Мен дагы короочу итти күчүк кезинен багып чоңойтконмун. Ал мага аябай үйрѳнүп калгандыктан, сабактан келгенимче сагынып калчу. Аябай эркелеп, мени менен ойногонду жакшы көрчү. Ит адамдын эң ишенимдүү жана берилген досу боло алат.

Далее