Барс-Бек кагандын монументалдык комплекси

Барс-Бек каган

Барс-Бек-кагандын монументалдык комплекси

 Ошто жаңы курулган келишимдүү  айкелдердин бири -2012-жылы   Ош шаарынын күнүнѳ карата  курулуп бүтүп, 5-октябрь күнү ачылган   Барс-Бек-каган монументалдык комплекси.  Барс-Бек-кагандын айкели шаардагы Кулатов кичи районунда, Г.Айтиев жана Б.Осмонов атындагы кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде, Араван, Ноокат автожолунда  курулду. Монументалдык комплекстин курулушуна шаардык бюджеттен 11 млн. сом каражат бѳлүндү. Аталган комплекстин долбоору  скульптор Равшан Маматкулов тарабынан иштелип чыгып курулду. Айкелдин ачылышында бул монументалдык комплексинин курулушунун демилгечиси Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов чыгып сүйлѳп, монументалдык комплекстин тарыхый маанисин белгилеп, VIII  кылымдын башында алгачкы кыргыз мамлекетин түптѳгѳн  даңазалуу каган Барс-Бектин ѳмүр жолуна токтолуп, кыргыз мамлекетинин түптѳлүшүндѳгү анын эрдигин белгиледи.

                                                                                                                                               Каныкей Жеңишбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>