Ош шаарын ѳнүктүрүүнүн бир тармагы-туризм

Сулайман Тоо

Ош шаарын ѳнүктүрүүнүн бир жолу туризмди ѳнүктүрүү деп ойлойм. Анткени шаарыбыздын чок ортосунда «Экинчи мэкке» аталган Сулайман тоосу жайгашкан, тоонун ѳзүндѳ эле туристтер кызыга турган канчалаган  тарыхый археологиялык эстеликтер, музейлер, үңкүрлѳр бар. Кийинки мезгилдерде шаардын кире беришине дарбаза курулду. Чыгыш дарбазадагы «Кыргыз кѳчү» деп аталган  монументалдык композиция шаардын кире беришине ушунчалык кооздук берип турат. Ѳзгѳчѳ түнү шаарга кирип келаткан болсоң жаркыраган жарыкка ѳзүңчѳ кубанасың. Аэропорт тараптан келаткан жолдогу Манастын эстелиги, Араван, Ноокат жолундагы Барс-Бек-Кагандын эстелиги, Сулайман тоосунун этегиндеги түстүү оргума, Ош районундагы оргума, эс алуу бактары, жаңы түшүп жаткан жолдор, айтор шаарыбыз кѳз тайгылткан кооз шаарга айланууда. Бирок моюнга алыш керек, азырынча туристтер үчүн ыңгайлуу шарттын жоктугунан, тейлѳѳ начар болгондуктан бул тармак буга чейин начар ѳнүгүп келүүдѳ. Эгерде шартты жакшыртып, туристтерди ѳзүбүзгѳ тартсак, бул тармак шаар бюджети үчүн кирешелүү тармакка айланмак. Биринчиден туризм тармагы боюнча кадрларды даярдоочу окуу жайлары кѳбүрѳѳк болуш керек. Чет тилде мыкты сүйлѳгѳн, чет элдин салтын, ѳзгѳчѳлүктѳрүн билген адистер даярдалыш керек. Экинчиден шаарыбызда кырдаал туруктуу болуш керек. Эгер бизде тынбай эле митингдер боло берсе анда бизге туристтер да, инвесторлор да келишпейт.

                                                              Адилет Ильяз уулу,

Курманжан Датка атындагы №31  мектебинин 9-“Б” классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>