Суунун баркына жетели

Дүйнѳдѳ биз аларсыз жашай албай турган маанилүү нерселер кѳп. Алардын катарына суу, аба, от жана башкалар кирет. «Суу алтындан да кымбат» деп биздин чоң эне, чоң аталарыбыз бекеринен  айтпаса керек.  Сууну бекер ысырап кылба, сууну  этиятта, агын сууга таштанды ыргытпа деп калышат ата-энелерибиз. Бирок суунун кадырына кѳп учурда жетпейбиз. Менин досум да ушуну кѳп айтат, анткени ал суунун кадырын билет.

Алтынай 4 бир тууган. Ал экинчиси, андан киийинки бир иниси жана сиңдиси бар. Алардын үйүндѳ чоргодон суу чыкчу. Айылда кѳпчүлүгү сууну ташып келип ичишет. А алардын атасы үйүнѳ бардык шарттарды түзүп койгон. Андыктан алар суудан эч кыйналышчу эмес. Биздин жеңелерибиз ар дайым эртең менен турганда эшиктин алдын   шыпыруу үчүн арыктан суу алып келип, айбандын астын тим эле сонун кылып коюшат. Ага абдан сергип да каласың. Алтынай болсо дайыма үйүндѳгү сууга шланг улап алып, айбанга суу сепчү эле. Анын байкеси Элеман да машинасын таза сууга жууйт болчу. Бүбү эне балам ал сууга эмес, арыктагы сууга жуусаңчы деп айта берип балдарына жаман кѳрүнчү. Бир күнү Бүбү эне суунун трубасын бурагычынан ѳчүрүп салат. Алтынай эки кѳчѳ ары жайгашкан сууну байкеси, иниси болуп чака менен ташышты. Алтынай сиңдисин бассейнге отургузуп коет болчу. Ошол күнү да сиңдиси ыйлап бассейнге отурам деди. Жини келген Алтынай сиңдисин урушту. Ошондо Алтынайга түзүк эле сабак болду бейм! Эртеси арыктан суу алып жатканын кѳрдүм. Бүбү эне балдарына бору ооруп, кайра суунун трубасын ачып койду. Алар суунун келгенине аябай кубанышты. Кээде тамчы сууга зар болоорун түшүнгѳн Алтынай суунун кадыр-баркын аз да болсо түшүнүп калды.

 

                                                                                        Нуржан Руслан кызы,
Ю.Гагарин атындагы №17 мектеп-лицейинин
8-“А” классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>