Жаңылыктар

Шаардык олимпиадада  П.Нышанов атындагы мектеп алдыда

Ош шаарындагы П.Нышанов атындагы № 50 мектеп –гимназиясынын окуучулары 12-январда болуп ѳткѳн шаардык олимпиадада жакшы ийгиликтерди жаратышты. Олимпиадада    11-класстарынан 6 окуучу ийгилик жаратса, алардын тѳртѳѳ биринчиликти алды, 9-10 кластарынын окуучуларынын арасынан 9 окуучу алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Бул окуучулар азыркы убакта 26-февралда боло турган аймактык олимпиадага кызуу даярданып жатышкан убагы. Албетте, биз № 50 мектеп –гимназиясынын мугалимдери жана окуучуларынын атынан ийгилик каалап, алардын жетишкендиктер менен келишине ишенебиз.

  Ооган ѳртүн кечкендер

15-февраль Ооган согушунун  аякташынын  24 жылдыгына карата №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын 9-11-класстарынын окуучулары менен Ооган согушунун ардагерлеринин жолугушуусу болуп ѳттү. Жолугушууга катышкан ардагерлер Ооган согушу  жѳнүндѳ  баян курушуп,  балдарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгѳ  тарбиялай турган эпизоддорду айтышып, балдарды бири-бирин эч качан сен башка улутсуң  деп бѳлбѳѳгѳ үндѳп кетишти. Алар ѳздѳрүнүн башынан ѳткѳн кыйын күндѳрдү биздин башыбызга түшпѳсүн деп ѳздѳрүнүн жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Оштогу жаштар комитетинин түзүлгѳнүнѳ  2 жыл  толду

  Жакында  Ошто Ош шаарынын алдындагы жаштар комитети тарабынан «Сюрприздердин троллейбусу» акциясы ѳткѳрүлдү. Комитеттин тѳрагасы Сонунбек Жунусбаевдин айтымында  комитеттин эки жылдыгынын урматына  эртең мененки саат 9.00дѳн кечки 18.00гѳ чейин троллейбустардын ичинде майрам ѳткѳрүлдү. Бул күнү троллейбустарда жүрүү бекер болду. Андан сырткары  Бул күнү троллейбуска түшкѳндѳр  жаштар комитети, алар тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат алышып, түрдүү белектерди утуп алышты деди ал. «Бул күнү  биздин майрамга ортоктош болгондорду  жаздын келиши менен куттуктап, Ош шаарынын жаштарына жакшы маанай тартуулоо менен жаштар комитети  тууралуу кеңири  айтып бердик»,-деди ал.
Бул күнкү акциянын  башкы демѳѳрчүсү   Билайн байланыш  компаниясы болд

                                                                                                                                                                          Каныкей Жеңишбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>