Жаныбарды сүйсѳң аны бага бил

Шаардык балдар ит, мышык,  тоту куш, ташбака жана башка үй жаныбарларын багууну жакшы кѳрүшѳт. Үйдѳ ит, мышыктын  пайда болушу балдарга чоң кубаныч тартуулайт. Менин кѳп досторумдун алабай, овчарка. короочу жана башка түрдөгү иттери, мышыктары  бар. Алардын кылык-жоруктары жөнүндө айтып берүүдөн тажашпайт. Мен дагы короочу итти күчүк кезинен багып чоңойтконмун. Ал мага аябай үйрѳнүп калгандыктан, сабактан келгенимче сагынып калчу. Аябай эркелеп, мени менен ойногонду жакшы көрчү. Ит адамдын эң ишенимдүү жана берилген досу боло алат.
Бирок,  үй жаныбарын жакшы гана көрбөстөн аны жакшылап, таза багууну да талап кыларын билем. Адегенде ит багаардын алдында жакшылап ойлонуш керек. Ал сага эмне үчүн керек? Короону кайтарыш үчүнбу? Же балдардын алдында итиң менен мактангың келеби?
Ит бага баштагандан кийин ага камкордук көрүү керек. . Анан ага жай жасап, жаткан жерин жылуулап, убагында жакшы тамак берип, кѳчѳгѳ алып сейилдетүү сыяктуу иштерди жасоо талап кылынат. Балдар иттерин жакшы көрүшүп, аларга ар кандай трюктарды үйрөтүүгө көп убактысын жумшашат. Бирок убагында ветеринарларга көрсөтүп, ден соолугун текшертүүнү баары эле ойлонушпайт. Эн чоң камкордук – бул анын ден соолугуна камкордук кѳрүү. Үй жаныбарларыбыз  ооруп калбашы үчун үч нерсени унутпашыбыз керек. Алардын  тамак-ашын, эмдөөнү жана тарбиялоону эсибизден чыгарбообуз керек.. Эгерде үй жаныбарларын ар кандай ооруларга каршы эмдетип турбасак, сүйүктүү жаныбарыбызга да, ѳзүбүзгѳ да ар кандай оору жуктуруп алуубуз  мүмкүн. Мисалы ветеринардык адистер ит багууда мындай кеңеш беришет.

1.Ар бир жарым жылда итти ветеринарга көрсөтүп туруу зарыл.
2.Дарыгер сунуш кылган эмдетүүнүн мөөнөтүн сѳзсүз  сактоо керек.
3. Эмделген итке карантиндик режим керек. Аны  кандайдыр бир мѳонѳткѳ чейин сууга кириндирбей, суукка урунтпай жана чарчатпай кароо керек. Эн зарыл вакцинанын бири –бул кутурмага каршы эмдетүү. Азыркы учурда үй жаныбарларынын ичинен да кутурма менен ооруган учурлар көп болуп жатканын билебиз. Анткени алар сейилдөө учурунда жолбун ит-мышыктарды жыттап, өздѳрүнө оору жуктуруп алышы мүмкүн. Анан алардан адамдарга жугуу коркунучу бар. Бул жѳнүндѳ Ош шаардык ветеринардык кызматынын адистери жакында телевидениеден бир канча ирээт  эскертишти. Күн жылый баштагандан баштап шаарда жолбун иттер көбөйө баштаган. Анткени, азыр иттердин  көбөйүш учуру.  Андыктан, иттерибизди  көчөгө ээн кое бербей, көз салып, алардын оору жуктуруп албашы үчүн камкордук көрүшүбүз керек. Жаныбарлар адамдын досу демекчи, биз дагы алардын камкор досу болууга аракеттенели демекчимин.

Маматалы уулу Азамат,
«Олимп»  гимназия мектебинин 8-“б” классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>