Жетекчинин орун басары окуучунун суроосуна жооп бералбай…

Ош шаарындагы балдардын «Келечек» чыгармачылык  борборунда балдар үчүн кѳптѳгѳн ийримдер иштейт. Ыр, бий, куурчак театры, комуз, кыздардын  чеберчилиги, балдардын устачылыгы, сүрѳт, айтор бул жерде чыгармачылыкты ѳнүктүрүүгѳ толук мүмкүнчүлүк бар. Ушул чыгармачылык борбордун ийримдериндеги  иштерди ѳз кѳзүбүз менен кѳрүп, сүрѳткѳ тартып, гезитибизге чагылдыралы деген ниетте кабарчыбызды- окуучуну жѳнѳтсѳк аталган мекеменин директору отпускада болуп чыкты. Ал эми ѳзүн завучмун, же директордун орун басарымын  деп тааныштырган Аида аттуу(ѳзүнүн айтымы боюнча)  кызматкердин борбордун иши тууралуу  сурообузга жооп бербегендигинен сүрѳттѳрдү  гана жарыялоого туура келди. Борбордо канча ийрим бар, канча бала катышат, канча мугалим бар деген окуучу-кабарчынын жѳпжѳнѳкѳй  суроосуна  жооп бере албаган жетекчинин  орун басарынын жооп берүүдѳн зериккенине же ушул суроолорго жооп бере албаганына түшүнбѳдүк.  Ал эми ийримдердеги балдардын сүрѳттѳрүн жарыялай берүүнү чечтик.

                                                                                  

   

«Данек» гезитинин башкы редактору

Сүрѳттѳр  Каныкей Бактыбекованыкы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>