Алымбек Датка эс алуу жайы

 Оштун так ортосунда, Сулайман тоосунун түбүнѳн орун алган Алымбек Датка этнографиялык борбору бүгүнкү күнү калаабыздын жүзү. Бул жердеги заманбап типтеги музыкалык  түстүү оргума, эс алуучулар үчүн түзүлгѳн ыңгайлуу шарттар, түнкү жаркыраган чырактар кѳңүл кѳтѳрѳт. Калаадагы жогорку деңгээлдеги майрамдар, үйлѳнүү кечелери сыяктуу иш чаралардын кѳбү  ушул жерде ѳтѳт.  Бир кездеги чалды-куйду, бытыраган  жай азыр шаар бийлиги тарабынан ирээтке келтирилип, түстүү  оргума курулуп, кыдырата отургучтар коюлуп,  жаштардын сүйүктүү эс алуу жайына айландырылган.

                                                      Даярдаган Сайкал Нурбек кызы,
№42 Керме Тоо мектебинин 8-«Б» классынын
окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>