Чыныгы досуң барбы?

Бул жашоодо сүйѳнгѳн адамың-досуң болуп саналат. Бирок  кѳпчүлүк учурда  ѳз досторунун материалдык жактан жетишкендиктерине карап дос  болушат. Достор да чыныгы дос, жарма дос болуп бѳлүнѳт. Жарма достор адамдын байлыгына, же анын жардамына кѳз каранды болушат. Чыныгы дос ѳз досунан ачуу болсо да чындыкты жашырбайт, ѳз  досу  үчүн колунан келишинче жардамын аябайт жана аны милдет кылбайт. Жүз сомуң болгончо жүз досуң болсун дешет. Бирок бул макалга таянсак, жүз достун баары эле  дос боло бербейт жана чыныгы дос ѳзү эле алардан айырмаланып калат. Мына ошондуктан аны чыныгы дос дейт. Биздин  Ю.А.Гагарин атындагы №17-мектебинин  10-«А» классынын окуучусу Алибек кызы Мадинадан ѳзүнүн досу  жана экѳѳнүн достугу жѳнүндѳ  сурадым.

-Мен бул жашоодо кѳп досторду кезиктирдим. Бирок алардын ичинен ѳзгѳчѳлѳнгѳн Элнура досум. Анын мүнѳзү мага абдан жагат. Жѳнѳкѳй, керек учуда ѳтѳ жооптуу, боорукер, ыймандуу жана түшүнүктүү. Жашоого болгон кѳз карашы да жагат. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун экѳѳбүз биргеликте чечүүгѳ тырышабыз. Ал кимден болсо да эч убакта жардамын аябайт. Мен дагы анын ишеничин актоого тырышам, аны сыйлайм. Бул жашоодо сүйүү болот. сүйүүнүн да түрү болот. Мисалы: ата-энеге, мекенге, доско,  бир тууганга  жана жаратылышка  болгон сүйүү. Мен  досторумду сүйѳм!

                                                                               Бекназар ЫСАБЕК уулу,
№17 Ю.А.Гагарин атындагы  мектеп-гимназиясынын
10-“А” классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>