Кыздар поэзиясы

АПАКЕ

Апаке дүйнѳдѳгү чырагымсыз,
Ааламдагы эң бийик бакытымсыз.
Сиз менин ѳмүрүмсүз, кѳңүлүмсүз,
Эч нерсеге теңдешсиз асылымсыз.

Алыска кетсеңиз сагынамын кусаланып,
Апаке сизди эстеп ыйлайм дайым.
Апаке үнүңдү уксам кусаланып,
Кѳзүмдѳн мѳлт-мѳлт этип агат   жашым.

Апаке оорубаңыз, сыркабаңыз,
Бул дүйнѳдѳ кубаныңыз, ыйлабаңыз.
Апага тең дүйнѳдѳ кандай жан бар,
Сиз менин   теңдешсиз асылымсыз.

Жаркынай Шамиева
№11 В.Терешкова атындагы  жатак мектебинин
6-«А» классынын окуучусу

АПАКЕМ

Апакем  менин  апакем
Баланы сүйгѳн жан  экен
Ыйласа да, кулсѳ да
Ак  мээримин,  ак  сутун
Аябаган жан  экен

Апалар  ойлоп  кѳрсѳң кымбат,  ыйык,
Апаны ар  бир  адам  барктай  билсе,
Качантан  унутулбай келе  жатат.
Ошондуктан апалар ыйык  нерсе.

 

МЕН ҮЧҮН АПАМ ГҮЛДЕСТЕ

Менин  апам  Кундуз,
Кашы  кѳзү  жылдыз
Бар  болуңуз апа сиз,
Сизге  эч нерсе  теңдешсиз,
Мандайынызда  жаркырап биз.
Аккан  суудай узун  болсун ѳмүрүңүз,
Ар  убакта ачык  болсун  кѳңүлүңүз,
Жүрѳктүн  ар  бир  сырын түшүнгѳн
Акылы  зирек,  уул-кыз  болсун  үй-бүлѳбүз.

 

БИР ТУУГАНДАРЫМ

Бир тууганым оттой  болгон  чырагым,
Ар  убакта  гүлдѳй    жайнап турарым,
Жан  адамга айтпас бекем сырымды
Бѳлүшѳѳрүм, бир боорум,  бир тууганым

Түрдүү иштер  боло  берет  турмушта,
Чек коё  албайт эч  бир  адам  ѳмүргѳ,
Канча мезгил ѳтсѳ дагы ѳмүрдѳ,
Бир тууганым  кала  берет  жүрѳктѳ.

Айдана Качкынбай  кызы
№38-мектеп-гимназиясынын  7-б классынын окуучусу.

 

КЫРГЫЗ ТИЛИ

Эң биринчи кыргыз тилин сүйлѳгүн,
Андан кийин башка тилди үйрѳнгүн.
Эң биринчи кыргыз тилин коргогун,
Андан кийин башка тилди ойлогун.

Кыргыз тили жашабаса кандай бул,
Кыргыз тилин даңктабаса элге кул.
Ошол үчүн кыргыз тилин сүйүп жүр,
Кыргыз тилин ойлоп, ырдап, жыргап күл.

Кыргызсыңбы,элдин ырын ырдагын,
Сыбызгытып  черткин комуз кылдарын.
Чимирилтип улут бийин бийлегин,
Жарашыксыз, бѳтѳн кийим  кийбегин.

Перизат Чынтурган кызы,
№11 В. Терешкова атындагы жатак мектебинин
7»Б»-классынын окуучусу

 

МУГАЛИМ

Ийкемдүү  чырпык биз болуп,
Тартиптүү кылган сиз болуп.
Мѳмѳлѳрүн чоңойтуп,
Келечегин жолдотуп.
Умай энедей мээримдүү,
Ѳз энемдей келишимдүү.

 

ЭНЕЛЕР

Энелер чексиз ѳмүр таалайым,
Энелерге узак ѳмүр каалаймын.
Эч бир адам тең келалбас энелерге,
Баш ийип, таазим этем сиздерге.

Оо, энелер канча уулду чоңойткон,
Кичиеңден алпештеп ойноткон.
Кор кылбайлы, урматтайлы, сыйлайлы,
Энелер деп даңазалап ырдайлы.

Оо, энелер, биз сиздерди сыйлайлы,
Жок болсоңор ѳкүнѳбүз кыйлабыз.
Ѳткѳн күндү эсибизде туябыз,
Энелер деп, эске салып сыздайбыз.

Темир Садыков,
№11 В.В. Терешкова атындагы жатак мектебинин
7-«А» классын окуучусу

 

ОКУУЧУ

Сабагына эртелеп барып турган окуучу,
Мугалимдин сѳзүнѳ канып турган окуучу.
Таза мектеп ичинде, гүлдѳп турган окуучу,
Даярдаган сабагын сүйлѳп турган окуучу.

Ырысгүл Сартбаева,
№11  В.Терешкова атындагы жатак
мектебинин 3 «Б» -класынын окуучусу

 

Tags:  

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>