Менин сүйүктүү мугалимим

Мугалим –ѳнѳр ээси үлгү берээр,

Мугалим эрктүү адам баарын жеңээр.

Шакиртин кыйын таптап ѳзүнѳн да,

Адамдык сапаты артык, жоомарт, чебер.

 Чындыгында мугалим ѳтѳ улуу адам, чексиз мактоолорго татыктуу   биринчи тарбиячы, залкар устат, тарбиянын дыйканы.

Менин мыкты устатым, идеал туткан окутуучум, мыкты мугалимим Дамира Курбанбаева. Кѳп жылдан бери мектепке үзүрлүү эмгегин сиңирип, биология сабагынан билим берип, кѳп жылдык тажрыйбасы менен эмгектенип келүүдѳ. Окуучуларга жасаган мамилеси, терең билими, адамкерчиликтүүлүгү, анын улуу устат экенин айгинелеп тургансыйт. Окуучулар да ал эжейдин сабагын  кызыгып  угушат. Жаш ѳспүрүмдѳрдүн жан дүйнѳсүн түшүнүүсү, аларга аяр мамиле жасоосу башка мугалимдерден айырмаланып турат. Окуучуга биологиянын сырын гана таанытпастан, ѳспүрүмдѳрдүн психологиясын түшүнүп, толеранттуулукка, ыймандуулукка тарбиялайт. Бул эжейди бүт мектеп идеал тутабыз, сыйлайбыз. Мен бул эжекеме ийгилик, кажыбас кайрат, ден соолук, узак ѳмүр каалайм.

                                                Адилет Ильяз уулу

4 comments to Менин сүйүктүү мугалимим

  • Дария  says:

    Мен бул ежекеме узак омур чын ден соолу
    к каалайм

  • Дария Барктабасова  says:

    Менин ежекем Абдылдаева Элеонора ежей ден соолугунуз чын омурунуз узун болсун балдарыныздын урматын кыздарыныздын кызматын корун турмушта еч кыйынчылыкты корбонуз деп быйылкы 11 а класстын атынан

  • Дария Барктабасова  says:

    Суйуктуу менин ежекем сиздин 5 октябрь мугалимдер куну менен чын журоктон куттуктаймын ежей сизге узун омур ,чын ден соолук, бакубат жашоо каалайм уулдарыныздын урматын кыздарыныздын кызматын коруп журо бериниз деп жазган Барктабасова Дария

  • Дария Барктабасова  says:

    Суйуктуу менин ежекем Абдылдаева яэлеонора сиздин 5 октябрь мугалимдер куну менен чын журоктон куттуктаймын ежей сизге узун омур ,чын ден соолук, бакубат жашоо каалайм уулдарыныздын урматын кыздарыныздын кызматын коруп журо бериниз деп жазган Барктабасова Дария

Написать ответ Cancel reply

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>