Өзбек палоосу кандай жасалат?

Даярдалышы: майды туурап, казанга салабыз Май сызгырылганча    күрүчтү жууп, чарага 30 минут муздак сууда кармайбыз. Куйрук май сызгырылганда сызыкты чѳмүч менен сүзүп алабыз. Казандагы койдун майына пиязды кызарганча кууруп алып, андан соң этти салабыз жана  жакшылап куурабыз жана  1 кг сабизди  да салып кууруп алабыз. Андан соң 2,.5 л сууну куюп кайнатабыз, андан кийин сарымсакты салабыз, татымына жараша туз кошобуз.  Арадан 15-20 минут өткөндөн кийин күрүчтү салабыз, сарымсакты ала турабыз. Күрүч кайнап,  суусу тартылып калгандан кийин аштын үстүнѳ ачуу калемпирлерди жана сарымсактарды коюп, зире салып, жарым саат демдеп коебуз. Ашыбыз даяр болуп калды. Ашты табактарга салаардын алдында жакшылап аралаштырабыз. Жакшы демделген аштын күрүчтѳрү чачырап туруш керек. Аштын даярдалыш сыры менен Сузак чайханасынын  ашпозчусу Козубай Калмурзаев  бѳлүштү.

1 кг  палоого кетүүчү азыктар:

1кг.эт

400г куйрук май;

200г пияз;

1кг сабиз;

2.5л суу;

3 даана сарымсак;

3 даана ачуу калемпир;

1кг. күрүч;

2 ч.л. туз

 

 

                                                  Нурсейит БАЙЫШ уулу,
№17 Ю.Гагарин  атындагы мектеп гимназиясынын
10-«А» классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>