Жаңылыктар

                       «Атам, апам жана мен»

Мектеп окуучулары менен ата-энелердин ортосундагы байланышты күчѳтүү максатында  Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдардын лицей  жатак мектебиндеги 10-а класстын окуучуларынын ата-энелеринин катышуусунда  « Атам,апам жана мен»  деген темада практикалык конференция ѳткѳрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты –  бүгүнкү  учурдагы ата-энелердин, мугалимдердин балдарга болгон жигердүү  аракетинин натыйжасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,  дегеле окуучулардын билим алууга карата кызыкчылыгын арттыруунун жолдору жѳнүндѳ  сѳз  болду.
Конференция кызыктуу ѳтүп, ата-энелер менен окуучулардын ортосундагы, мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы  мамилелер талкууланды. Ата-энелер, окуучулар бул саамалыкты уюштурган класс жетекчиси  Гулипа Култаевага терең ыраазычылык билдиришти.

                                                                                                                       Бексултан АБИЕВ,
Уркуя Салиева атындагы жатак мектеп – лицейинин
10-а класстын окуучусу

Эң интеллектуалдуу окуучу

№17-Ю.А.Гагарин атындагы мектебинде 12-февралда «Акыл ордо» интеллектуалдык сынагы болуп  ѳттү. Сынакка шаардагы башка мектептердин мугалимдери да калыс болушту. Ѳз билимдерин сынап кѳрүүгѳ алты окуучу катышты. Окуучулар 1-турда мугалим тарабынан берилген суроолордун варианттарын белгилешти. 2-турдун ѳзѳгүн категориялар түздү. Жыйынтыктоочу бѳлүктѳ мугалим тарабынан жалпы интеллектуалдык жана логикалык суроолор берилди. Ар бир бѳлүктѳ балы аз окуучулардан экѳѳ оюндан четтетилип жатты. Натыйжада эки окуучу калып, 10-класстын окуучусу Жамалдин кызы Нурзат жана 11-класстын окуучусу Гулзада экѳѳ билимдерин сынашты  Бардык суроолорго туура жооп бергендиги үчүн Гулзада оюндун жеңүүчүсү аталды жана ага баалуу белектер тапшырылды. Сынакты кѳргѳн мугалимдер ыраазычылык билдиришти,жана жеңүүчүнү шаарда ѳтүүчү тандалган окуучулар менен биргеликте ѳтүүчү «Акыл ордого» чакырышты. Бул иш чаралардын максаты окуучулардын билим дэңгээлин жогорулатуу үчүн  ѳткѳзүлүп жаткандыгын баса белгилешти. Ю.А. Гагарин атындагы мектеп жамаатына жана окуучуларга ийгилик каалашты.

                                                                                                                                                                                             Бекназар Ысабек уулу,
№17-Ю А Гагарин атындагы гимназия- мектебинин
10-«А» классынын окуучусу

Барпы мектебинде бий ийрими  ачылды

Бий сүйүүчүлѳргѳ чоң жаңылык болду. Себеби №38 Барпы атындагы мектебинде  «Бий ийриими» 1-февралдан баштап иштей баштады. Бий кружогунун ачылышына башкы себепкер болгон «Ийгилик паспорту» тренингинин катышуучулары болгон. Анткени дал ушул тренингдин катышуучуларынын жазган проектиси ѳтүп, Барпы мектебинде бий залы ачылып «Бий ийрими»  ѳз ишин баштады. Белгилеп кетүүчү нерсе тренингдин катышуучулары 500 АКШ долларын утуп алып, кѳптѳн бери бош турган залды ремонт кылып беришкен.

Ийримде Hip Hop, Popping, Locking, Kramp, Tektonic жана Break Dance сыяктуу  заманбап бийлер жана  элдик бий, араб бийи жана бал бийлери сыяктуу классикалык бийлердин түрлѳрү үйрѳтүлѳт. Бий  ийрими ишке кирип, сабактар III нѳѳмѳттѳ жүргүзүлүүдѳ. Бийлерди үйрѳтүүдѳ тажрыйбалуу мугалимдер сабак беришүүдѳ.

                                               Каныкей БАКТЫБЕКОВА,
№38 Барпы атындагы мектебинин
10-классынын окуучусу

Билим берүүнүн жаңы ыкмасы

18-февраль күнү №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын 11-«А» классында ачык сабак болуп ѳттү. Бул ачык сабак жаңы билим берүунүн жаңы ыкмасы менен ѳтүлдү. Бул  ыкма Германия мамлекети тарабынан сунушталган, ал 8 кадамды басып ѳтѳт да «Жаңы билимди» изилдѳѳнүн негизинде  таап чыгат. Биздин басып ѳтчү кадамдарыбыз тѳмѳндѳгүчѳ болду: байкоолор, тандалган байкоолор, сууроолор, божомолдор, эмне изилденет? Аныктоочу эксперимент ( формат менен түзүлгѳн газета) жаңы билим, колдонулушу.

Бул сабакка шаардын мектептеринин математик мугалимдери жана мугалимдердин билимин ѳркүндѳтүү институтунун мугалимдери келишти. Жалпылап алганда 50гѳ жакын мугалим катышты. Бул сабак 90 минутадан кѳпкѳ созулду. Мисалы геометрия сабагынын жаңы ыкмалары 4 группада  талкууланып,   8 кадамды басып ѳтүп «Билим берүүнүн жаңы ыкмасын»  изилдеп чыгышты.Шаардан мектептеринен жана  мугалимдердин билимин ѳркүндѳтүү институтунан  келген мугалимдер ыразычылыгын билдирип, каалоо-тилектерин айтып кетишти.

                                                           Каныкей Жеңишбек кызы,
П.Ж.Нышанов атындагы мектептин
11-«А» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>