Жаштар комитети тууралуу билесизби?

Ош шаардык жаштар комитети  Ош шаардык  мэриясынын алдында түзүлгѳнүнѳ 2 жыл болду. Азыркы мезгилде жаштар комитетинде 22 адам  эмгектенүүдѳ.  Комитет негизинен 4 багытта  Ош шаарындагы 14-28 жашка чейинки жаштар менен иш алып барат. Биринчиси—мектеп окуучулары, экинчиси-Ош шаарындагы 12 аймактык кеңешинин жаштары. Үчүнчүсү-студенттер. Тѳртүнчүсү кѳчѳ жаштары. Эч жерде иштебеген, эч жерде окубаган, барар жери жок балдар менен иш алып барат. Бул боюнча 9 багыттык программасы бар. Жаштардын билими, жаштардын маданий эс алуусу, жаштардын саясий укуктук аң сезимин  жогорулатуу, жаштардын укугу, жумушсуздук, жаштарга билим берүү жана башка ушу сыяктуу түрдүү багыттар боюнча иш алып барат.

Жаштар комитетинде акысыз 17 билим берүү борборлору бар. Эгерде ким лидер болгусу келсе, лидерлик мектеби бар. Дебат десе, бул багытта да  мектеп бар. Тил үйрѳнѳм десе англис, орус тилдери, компьютер боюнча акысыз борборлору бар. Жана ошондой эле бүгүнкү күндѳ 9 жерге акысыз Vi Fi  ачылууда. Жетишкен ийгиликтер кѳп. 2011-жылы  кѳптѳгѳн студенттердин башын бириктирип, эл аралык мамилелердин чыңдалышына салым кошо  алды. Республиканын жаштарынын башын бириктирип    «Менин ѳмүрүм ѳлкѳмдүн ѳнүгүүсүнѳ арналат» аттуу чоң бир форум ѳткѳрүүгѳ да жетише алды. Негизинен жаштар саясатын жүргүүгѳ ирис алым кошо алды десек  жаңылышпайбыз.

                                                                         Асылбек ѲЗҮБЕКОВ,
У.Салиева атындагы жатак мектеп-лицейинин
10-«Б» классынын окуучусу

3 comments to Жаштар комитети тууралуу билесизби?

  • altynai.95  says:

    саламатсынбы асылбек сенин жогорудагы ош жаштар комитети тууралуу жазганынды кызыгуу менен окудум бирок ош жаштар менен кантип байланышууга болоорун кошо жазып койсон абдан кубанмакмын суранам сенен жооп кутом

    • danek danek  says:

      Саламатсызбы.

      Кечирип коесуңар кеч жооп берип жатканыбызга. Сиз айткан даректи тактап жатабыз.

      Данек гезити

  • Кылымбек Алтынбек У  says:

    Мен да жаш лидерлике окушту каалайт лем.Маалымат берип койгулачы.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>