Жети кереметтин бешинчиси – Галикарнастагы Мавзолей

Жети кереметтин бешинчиси  Галикарнастагы Мавзолей болгон.  Галикарнас Грециянын Кария хандыгындагы  эң кооз жана эң бай  борбор шаары болгон. Ак мрамордон курулган храмдар, хандын сарайы, театрдын имараты, гүлдѳгѳн эс алуу бактары шаарга кооздук тартуулап турган.  Мовзолей биздин заманга чейин VI кылымда Кариянын  ханы Мавсолго арналып, анын кѳзү тирүүсүндѳ  биздин заманга чейин 353-жылы курулуп башталган. Мовзолей Мавсолдун ѳлүмүнѳн кийин аялы Артемисия тарабынан бүткѳн. Аны куруу үчүн атайын гректердин улуу архитекторлору Сатирди жана Пифеяны, скульпторлордун да кѳрүнүктүүлѳрүн тандап гректердин Леохара, Скопаса, Бриаксида жана Тимофей чакырылган. Леохар менен Скопас буга чейин Артемиданын храмын кооздодо да катышышкан. Курулуш жүргѳн учурда Артемисия  ѳзү баш болуп турган. Мовзолейдин так кайсы жылы курулуп бүткѳндүгү тууралуу эч кандай маалымат жок. Мовзолей Плинийдин айтып берүүсү боюнча бийиктиги 46 метрге жеткен.

Мовзолей курулуп бүткѳндѳн кийин 19 кылым турган. Бирок биздин замандын XIII кылымында катуу жер тити- рѳѳдѳн кулаган делет. Бирок Улуу Петр чебин курууда анын калдыктары иоаннит рыцарлары тарабынан алынып кетилген.1846-жылы Британия музейи тарабынан уюшулган экспедиция мовзолейдин калдыктарын изилдеп чыгышкан. Экспедициянын башында Чарльз Томас Ньютон  болгон. Азыркы учурда анын ордуна Улуу Петр чеби турат.

                                                                                                               Каныкей БАКТЫБЕКОВА,
№38 Барпы атындагы мектебинин
10-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>