Нооруз майрамыңыздар менен!

Жаздын жаркырап кирип келиши менен   майрамдар башталат, алар  8-март аялдардын эл аралык майрамы, андан соң 21-март «Нооруз» майрамы, 9-май Жеңиш күнү дагы   кѳптѳгѳн майрамдарыбыз бар.  Биз жаз айларын майрамдарга бай десек   жаңылышпайбыз.

Желге ойногон жаз жыты менен кѳктѳм  келди,  жергеме Нооруз  келди. 21-март келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен. Урматтуу агай-эжейлер, ата-энелерибиз жана курбуларым! Жер жарылып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жүрѳктү жылытып, баардык тирүү жандыкты козгогон жана жагымдуу маанай тартуулаган, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан Нооруз майрамы менен бардык Кыргызстандыктарды куттуктайм! Эгемендүү Кыргызстандын жаңылануу жана ѳнүгүү жолундагы бардык аракет жазгы демдин күчү менен ѳз максатына жетсин.

Эң негизгиси   касиеттүү жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун,  «жакшы тилек -жарым ырыс»- дегендей, ар бирибиздин жүрѳгүбүздѳ  ыйман, жүзүбүздѳн жылмаю кетпесин. Нооруз элибизге тынччылыкты, токчулукту, молчулукту, ар бирибиздин үй-бүлѳбүзгѳ бакыт-таалайды, кажыбас кайратты, иштерибизге ийгиликтерди  алып келсин.

Айтышат эмеспи, кимде ким   таарынышып же бири-бирине капа болуп калышса алар Нооруз күнү бири-биринен кечирим сурап, кол алышып жарашышат. Нооруз майрамынын ѳзгѳчѳлүгү бул сүмѳлѳк. 21-март күнү чоң-энелерибиз менен биргеликте сүмѳлѳк кайнатабыз. Ким ѳзүнүн каалоо-тилектеринин орундашын кааласа сүмѳлѳк  аралаштырып жатып айтышат. Кудай тааладан суранышат. Ким калоо тилек айтса ал орундалат деп айтылат элибизде.  Нооруз майрамы  ушунусу менен кызык болот. Баарыңыздар бар болунуздар, майрамды жакшы тосунуздар, албетте эл-журтубуз, жакындарыбыз жана  сүмѳлѳк  менен бирге!

  Каныкей  ЖЕҢИШБЕК  кызы,
№50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын 11 «а» классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>