Жаш куурчакчылар эмне дешет?

Бүгүнкү күндѳ «Мээрим» балдар билим борборундагы «Куурчак театры» ийриминин катышуучуларынын кубанычтары койнуна батпай, иш абдан кызуу жүрүп жаткан учуру. Себеби, «Юз оф Ош»  коомдук бирикмесинин «Жаштардын демилгелерин колдоо» долбоорунан  грант утуп алышкан. «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси 56 миң сомго 23 куурчак (тростовой) жасатып беришти.

-Эми биздин ийримге болгон окуучулардын кызыгуусу ого бетер артып, сабактардын  натыйжалуулугу жогорулай баштады. Ийримдин максаты окуучуларды куурчак ойнотуу ѳнѳрүнѳ, актердук чеберчиликке  үйрѳтүү менен бирге, кѳркѳм дүйнѳгѳ болгон кызыгуусун  арттыруу, эстетикалык табитин эмгекке тарбиялоо,-деди ийрим жетекчиси Алиева Гүласал.

-Апамды жакшы кѳрѳм. «Боорукер күчүктѳр», «Түлкү менен Карга» аттуу  кѳрүнүштѳрдү сахналаштырып, чоң программадагы концертибиз менен кошо, шаарыбыздагы 16 мектептеги жаш досторубузга туртуулап келсек деп турабыз,-деп турабыз дешет куурчак театрынын  жамааты.

Айрыкча  Советбек кызы Кутайым, Самоорбек кызы Гулнур, Кадыржан кызы Гульнур, Кубатбек уулу Үсѳн, Бурканбек уулу Иман сыяктуу окуучулардын аракети мактоого арзырлык. Бул окуучулардын аракети келечегинен кѳптү үмүттѳндүрѳт, булардын кыргыз искусствосуна чоң салым кошкон мыкты инсандар чыгаарына ишенем дейт,-ийримдин жетекчиси  Гүласал Алиева.

«Ѳз ѳнѳрлѳрүбүздү 16 мектептин окуучуларына тартуулоо менен бирге ал мектептерден досторду таап, жалпы мектептер аралык достукту чыңдагыбыз келет»,-дешет ийримдин жалпы катышуучулары.

                                                                    Бекназар  ЫСАБЕК уулу,
№17 Ю.А.Гагарин атындагы  №17 гимназия мектебинин
10-«А» классынын окуучусу

2 comments to Жаш куурчакчылар эмне дешет?

  • Бурулай  says:

    Азаматсын Бекназар!
    Журналистика багытында сага албан – албан ийгиликтерди каалайм!

  • Бурулай  says:

    Азаматсын Бекназар!
    Журналистика багытында сага албан – албан ийгиликтерди каалайм!

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>