Кѳнѳчѳк кийген түлкү (жомок)

Илгери бир кемпир-чал болуптур, алардын жалгыз кара ую бар экен. Чал-кемпир  уюнун сүтүн ичип, каймагынан каттама жасап жеп күн кѳрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болот. Кемпир аны мышыгынан кѳрүп, эми каймакты оозу тар кѳнѳчѳккѳ куят.

Күндѳрдүн  биринде түлкү кемпир-чалдын үйүнѳ дагы келет. Каймак табакта эмес кѳнѳчѳктѳ экен. Түлкү  жан талашып жатып кѳнѳчѳккѳ башын салып, каймакты жеп коет.  Анан башын чыгармакчы болду эле, бирок болбоду. Башы чыкпады.  Түлкүнүн айласы кетти да: -Кѳнѳчѳк аке, эми тамашанды кой. Ушунча убара кылганың  деле жетишет. Үйдѳ бачикилерим калган, коё бер!-деп жалынды. Анда Кѳнѳчѳк ага кекээрдүү: -Кайран Түлкүм, келип жатат күлкүм. Сени конокко чакырдым беле, эми «коё бер» дебе  «Каймак жейм» деп үйгѳ киресиң, анын таттуу экенин билесиң. Мен бир аз тамашаласам «үйгѳ барайын, бачикилерим бар» деп чебелектейсиң. Жок, сен эми үйүңѳ барбайсың, башыңды кѳнѳчѳккѳ салбайсың,-деди.Түлкүнүн күйбѳгѳн жери күл болду.-Эмесе, сенин  жазаңды берейин, ѳзүңдү  сууга агызып жиберейин,- деп Түлкү ѳзѳндү кѳздѳй жѳнѳдү. Келип башын сууга салды, кѳнѳчѳккѳ суу толуп, түлкү  тумчугуп калат. Ошентип куу түлкү  суктугунун айынан ѳлгѳн экен.

                                                     Каныкей ЖЕҢИШБЕК кызы,
П.Ж.Нышанов атындагы №50 мектептин    окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>