Нооруздун тарыхынан:

Кыргыз элинин жыл санагы боюнча жаңы жыл жалган куран (март) айынын 21ине, же болбосо Нооруз майрамына туш келет. Нооруз фарсы (Иран) тилинин  “жаңы күн” деген сѳзүнѳн которулган.  Нооруз майрамы  жыл санагы боюнча эсептелип, жазында күн менен түндүн теңелген күнүнѳ туура келет. Бул майрам бардык майрамдардын  эң коозу, эң көркөмдүүсү жана эң сулуусу катары эсептелип, байыркы Иран күн календарына ылайык фарфардын айынын биринчи күнүнө туура келген. Бул Григориан (биздин календарь) боюнча 21-22-23-мартка туш келет. Ноорузду мусулман майрамы дегендер жаңылышат. Себеби фарсы тилинде сүйлөгөн элдер Ноорузду Ислам дининен мурда эле майрамдап келишкен. Биздин эрадан мурунку 1000 жылда жазылган Авестада эне – кут деген аял түспөлүндөгү түшүмдүүлүктүн пири яхудилерден, еврейлерден күнөөлөрү үчүн кечирим суроону талап кылат.

Яхудилер кечирим суроо үчүн, жашыл байрак көтөрүп энекуттун алдына хвайразамга барат имиш. Хвайразам деп Орто Азиядагы Хорезм өрөөнү аталып, Хвайра-күн, Зам-жер деген маани берет. Яхудилердин Хвайразамга барган күнүнөн тартып жаңы күн Нооруз белгилене баштаган экен. Абу Райхан Беруни да өз эмгектеринде Нооруздун мекени Хорезм экенин белгилейт. Кийин ислам дини, маданияты өнүгө баштаганда Нооруз майрамы диндин жол-жоболоруна баш ийип, мусулман элинин майрамына айланган.

  Нооруздагы каада-салттар  

— Ушу күнү дыйкандар келечектеги түшүмдүн мол болушун тилеп, соко менен айдоого кош тилке салып коюшкан. Ноорузга 15 (он беш) күн калганда угут өндүрүшүп, тамак-аш даярдап жаңы жылда мол түшүм алууга, мал-жандын эсен болуусуна, оору-сыркоо, жаман илдеттен алыс болууну ниет кылышкан. Кыз-келиндер жаңы кийим-кече тигишет. Нооруздун байыртан келе жаткан салты от жандырып, жүрүш кылуу, оттон секирип жана алоолонгон от жанында элдик оюндарды ойноо. От үстүнөн секиргенде ар түрдүү тилектерди, дубаларды айтып, шайтан-жин, оору-сыркоону кууп чыгууга ниеттенишкен.  Сүмөлөк жасап ага шекер, ун кошуп бышырышкан. Сүмөлөк – фарсынын “Сумбул” деген сөзүнөн, мааниси “Машак, буудай башы” дегенди түшүндүрөт.Нооруз күнү үй-бүлө мүчөлөрү баары бир үйгө  чогулушат. Үй-бүлөнүн бирөөсү да бир жакка кетүүсү мүмкүн эмес. Дасторконго болсо 7 түрдүү даам коюлат. Ошондой эле дасторкон үстүндө күзгүнү коюп, эки жагына үй-бүлөнүн санына жараша шамдарды күйгүзүшөт. Мындан сырткары дасторкондо суу куюлган чыны, мөмө-жемиш, быштак, сүт болот, куран да дасторкондо сөзсүз болушу керек.  Күйгөн шамды дем менен үйлөп өчүрбөш керек. Себеби үйлөп өчүрсө өмүрдүн узундугун кыскартканга барабар. Бул күнкү эң жакшы жышаан – биринчи үйгө кирген адам эркек болуш керек. Ал болсо эшикти “өмүрүңөр жүзгө жетсин” деп атташ керек.

Мына ушинтип 20-март күнү Кадыр кеч тосуп, сүмөлөк кайнатып ,сүмөлөк , көжө бышырып жешкен.    Эртеси Нооруз күнү жумурай-журт көчөгө чыгып бирин-бири куттуктап, майрамдашат. Бул күнү жармаңке уюшулуп, соода-сатык иштери жүрүп, бирин-бири таттуу тамактар менен меймандашып, бала-бакырага таттууларды алып берип, аларды кубанычка бөлөшөтучусу

                                                                   Каныкей Бактыбекова,
Барпы атындагы №38 мектеп гимназиясынын 10-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>