Дүйнѳнүн жетинчи керемети- Александр маягы…

Дүйнѳнүн  жетинчи  керемети  аталган  Александр  маягы  биздин  заманга  чейин  III  кылымда кораблдер рифтерди  ийгиликтүү ѳтүү үчүн  Эгипеттеги кичинекей Фарос  аралында Александрия  шаарынын  жээгинде,  Александр Улуу тарабынан  курулган.  Маякты  куруу  үчүн  20 жылдан  ашык  убакыт  кеткен. Бирок  Египет  ханы Птолемей II  башкаруусу  учурунда Маякты  куруу  5  гана  жылга  созулуп, биздин  заманга  чейин 282-жылы  толугу  менен  курулуп  бүткѳн.

Архитектору— Сострат Книдский  болгон. Дүйнѳдѳгү  биринчи  маяк болгон  маяк  миң  жылга  жакын  урабай туруп, бирок  биздин  заманга  чейин  736-жылы  катуу  жер  титирѳѳдѳн  кийин жабыр  тарткан. Жер  титирѳѳнүн кесепетинен  кийин   XIV кылымда Египетке  келген   араптар  кайрадан  оңдоп  түзѳѳнү кѳздѳшүп,  маяктын бийиктиги 30 метрге  жеткен. Астыңкы  бѳлүгү  60 метрлик бийиктик   менен  тѳрт бурчтуу квадраттуу, узудугу 30 метр болгон призманы    белгилеп  турган.   Александр маягы  3 массивдүү  мрамордуу таштардан курулган мунаралардан  турган.  Биринчи мунара тик бурчтук формасында  болуп, ишчилер  жана солдаттар  жашачу бѳлмѳлѳрдѳн  турган. Анын  үстүндѳгү  мунара сегиз  бурчтуу спиралдуу  пандустар менен  болуп,  эң  башкы мунарага алып  барган . Ал  эми эң  башкы Мунара  цилиндр  формасында  болгон   жана  дал   ушул мунарада  от  күйүп  турган.  Маяктын жалпы  бийиктиги 120-140 метр  болгон. Анын  жарыгы  60 метр  аралыктан (кээ бир  маалыматтар  боюнча  100-120 метрден)  кѳрүнгѳн.  XII кылымда булуң ушунчалык  ташкындагандыктан,  кораблдер  аны  колдоно албай  калышкан. XIV  кылымда  маяк  толугу  менен жер  титирѳѳдѳн урап  түшүп, бир  нече  жылдан  кийин XV кылымда султан Кайт-бей  маяктын  ордуна  Кайт- Бей чебин  курдурган. Бул  чеп  азыркыга  чейин ѳз  ордунда  турат.

                                                              Каныкей Бактыбекова,
Барпы атындагы №38 гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>