Тынчтык коңгуроосу

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин  Ош шаарында курулган  айкелдердин бири-тынчтык коңгуроосу болгон.  Ош шаарынын кѳп улуттуу тургундарын тынчтыкка чакырып, калаабызда мындан ары эч  ким ыйлабасын,  ый угулбай, тынчтык коңгуроосу  жаңырып турсун деген максатта Орусиянын Новосибирск шаарындагы «Светолития»  ишканасында  куюлуп, даярдалган.  «Тынчтык коңгуроосу»  алынып келинип, шаардык мэриянын оң капталына орнотулган.

Коңгуроо үчүн Ош шаарынан 2 килограммдан ашык    тыйындар чогултулуп жасалып, ага кыргыздын улуттук оюм-чийимдери түшүрүлгѳн. «Бүт дүйнѳ жүзүндѳ тынчтык», « Мир во всем мире», «Peace All Over The World» деген  жазуу кыргыз, орус, англис тилдеринде чегерилип жазылган. Ош калаасында түбѳлүктүү тынчтык коңгуроосу жаңырып турсун деп, жылына жаз айында  «Тынчтык коңгуроосу» кагылат. Коңгуроону куюп, даярдоого жана  тургузууга 750 миң сом каражат жумшалган. Анын 100 миң сому жергиликтүү бюджеттен тѳлѳнгѳн.  Коңгуроонун эскизи Камал Ормонкуловдун  калемине таандык. Бул Борбордук Азиядагы  биринчи «Тынчтык коңгуроосу». Мындай «Тынчтык коңгуроосу» биринчи жолу  1954-жылы Нью-Йоркто тургузулган.

                                                                        Нурия ЭРАЛИ кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>