Апендинин жоруктарынан

Апендиге апасы кошунасыныкынан май сурап келчи.-дейт. Апенди чыныны кѳтѳрүп  кошунаныкынан май сураганы барат. Кошунасы чыныга  толтуруп май куят. Апенди бул жагына дагы деп түбүнѳ дагы май куйдурмакчы болгондо чынынын ичиндеги май тѳгүлүп калат. Кошунасы чынынын түбүнѳ да май куюп  берет таңданып. Апенди майды апасына алпарат. Ушунча элеби,-дейт  апасы чынынын түбүндѳгү майды кѳрүп. Жок, бул жагында дагы бар,-деп чыныны аңтарганда чынынын түбүндѳгү майы дагы тѳгүлүп, майсыз калышат.

                                               х х х

Апенди жолдо келатып саат таап алат. Саатты тыңшаса «Чык-чык»,-дей берет. Дагы тыңшаса дагы ошентет. Караса  алды жагында чо-оң дарак турат экен.- А-а даракка чык деп жаткан турбайбы,-деп даракка чыгат.  Эки жагын караса  эч нерсе кѳрүнбѳйт. Даракка чыгып алып тыңшаса дагы деле «чык-чык» дейт.  Дарактын башына чыкса дагы деле «Чык-чык» дейт. Ошондо Апенди: «Э-э, ѳзүң чыга берчи»,-деп  саатты ыргытып жиберип кетип калыптыр.

                                                         Нурбек  ТАЙЫР уулу,

                     В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин 4-«Б» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>