Кышы тескери материк

Дүйнѳдѳ кѳпчүлүгүбүз билбеген кызыктар кѳп. Ар бир материктин ѳзүнѳ гана мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүгү бар. Мисалы биз бүгүн сѳз кыла турган Австралия мамлекетинде бардыгы тетири. Ал ѳлкѳдѳ Жаңы жыл жайдын эң ысык күнүндѳ, июлда  белгиленет. Эң суук жери Түндүгүндѳ эмес, Түштүгүндѳ. Күн Түндүктѳн тийип турганда Түштүгүндѳ кѳлѳкѳ түшүп турат. Түштүгүнѳ күн тийгенде  Түндүгүнѳ кѳлѳкѳ түшѳт. Австралия Жашыл континент деп аталганы менен, жер жүзүндѳгү эң кургак жана жайдак материк. Жердин ¾ бѳлүгү жетиштүү нымдалбайт жана жайдак талаалар саргыч кызыл түскѳ боелуп турат. Түштүк Африкага жана  Түштүк Америкага салыштырмалуу Австралия батыштан чыгышты карай созулуп жайгашкан. Андыктан ал жердин Түштүк жарым шарындагы   эң ысык  бѳлүгү деп эсептелет. Австралияда бир канча жылдар бою жамгыр болбогон райондор бар. Ошол эле учурда жер үстүнѳ караганда жер астында суулар кѳп. Бул жерде суу табигый күч менен атырылып чыккан 6 миңден ашык ар кандай артезиан кудуктары бар.

Бул ѳлкѳнүн табигаты гана эмес, чарбачылыгы да тетирисинен. Австралия негизинен чарба жана тоо кен ѳнѳр жай продукциясын экспорттойт. Экономикалык кѳрсѳткүчтѳрү боюнча  ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдүн  катарында турса да ал компьютер, автомашиаларды сырттан алып келишет. Дагы бир таң калыштуусу-Австралияннын ѳзүнүн улуттук тамак-ашы жок. Бирок кенгурунун этинен жасалган тамактар,  крокодилдин этинен даярдалган сендвич сыяктуу жергиликтүү деликатестер бар.

                                                            Азамат Маматалы уулу,

                                  Олимп гимназия мектебинин 8-«Б» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>