Хан тез барып келгени үчүн атын мактады. Акылман кемпир хандын кебетесин көрүп: Жакшы деген атыңды, мактай берсен. макулбу. кулунтайың көп сатып, багып ал жарды – жалчыңды!—дейт. Хан кемпирге кыйкырып: – Мага андай сөздүн кереги жок. Мага акыл бере турган сөздөрдөн айт! — деди. Анда кемпир айтты: Ханым, жакшы кылсаң өзүңө, Жаман кылсаң өзүңө Өөдө карап түкүрсөң, Кайтып түшөр көзүңө!..Хан ого бетер катуу кыйкырып:— Тантыган кемпир, сенин сөзүңдө кымындай да акыл жок экен, акылдуу сөздү өзүм билем,— деди ал, зайыбын сыртка ээрчитип чыгып; кемпирге уу бергин, үйүнө барганда жесин да ѳлсүн,— деген буйрукту кылды. Хандын зайыбы май токочко уу кошуп, аны кемпирге берип: Үйүңө баргандан кийин жегин! — деди. Акылман кемпир жолдо келе жатып, куш салып жүргөн хандын уулуна дагы кездешти. Хандын уулу кемпирдин колундагы уу кошкон токочту тартып алып, жалгыз өзү сугунуп жиберди эле, көзү аңтарылып, оозунан ак көбүк чыгып, чалкасынан кетти. Жигиттер болгон ишти ханга айтып барышты. Хан ошондо өзүнүн макоолугун билип, эрдин кесе тиштеп, оозун карманды
Сайкал НУРБЕК кызы,
№ 42 Керме Тоо мектебинин 8 б классынын окуучусу
Комментарии