Атактуу хирург Иса Ахунбаевдин балалыгы

Кѳрүнгѳн  байдын малын багып, эртели кеч кѳл жээгинде балалыгын ѳткѳргѳн   Исанын наристе дүйнѳсүнѳ чагылгандын отундай жарк эткен бир окуя катуу таасир этет. Оо дүйнѳгѳ узаган ооруулу аялдын аянычтуу жүзү, жан чыдатпаган ыйы кѳкүрѳгүндѳ калат. Эмне үчүн адам ооруйт? Эмне үчүн ооруган адам азап тартат,- деп апасын жоктогон балдардын ыйына, чоңдордун кошогуна кѳчѳт сезими эбегейсиз сыздайт. Ошондо жан дүйнѳсүнѳ тилек бүчүр жарат. Балким ошол ууз кыял,  кѳксѳгѳн арман-тилек  кыргыз медицинасынын жылдызы, санжыралуу хирургдун жаралышына     түрткү  берсе керек. Үркүндѳгү кан  жыттанган кыйын күндѳр баланы андан бетер чыйралтып,  максатына   умтулуусуна түрткү берет.  Болочоктогу хирургдун балалыгы азапта ѳтүп,  башкалар ѳңдүү ал да сегиз жашында уйгур байы Аллахунга бир табак талкан  үчүн сатылат. Болочок хирургдун  чыдамкайлыгынанбы, идирегиненби, айтор багы ачылып,  1935 -жылы Орто Азиялык медицина институтун аяктайт. Анан Ахунбаевдин даңктуу  ѳмүрүнүн  барактары ачылат.

                                                                                                Адилет ИЛЬЯЗ уулу,

                                       №31 Курманжан Датка атындагы орто

                                               мектебинин  9- «Б» классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>