Колизей, же болбосо Флавиевдердин амфитеатры

Колизей, же болбосо Флавиевдердин  амфитеатры байыркы Римдин  архитектуралык эстелиги, укмуштуудай чоң, байыркы дүйнѳлүк  курулуштардын бири болгон. Римдеги бул эн чоң имаратты куруу 8 жыл убакытка  созулган жана ал император Флавиевдердин династиясына тиешелүү болгон. Ал  биздин замандагы император Веспасиан убагында 72-жылы башталып, 80-жылы анын уулу император Тит тарабынан ишке киргизилген. Колизейдин курулуп  калышына негизги себепкер Тит Флавий Веспасиане болгон. Каарду  император Нерондун 14 жылдык башкаруусун  айыптап, жогорку Сенат аны ѳлтүрүү буйругун чыгаргандан кийин, ѳз ѳмүрүн кыйган, анын ѳлүмү граждандык согуштун чыгышына түрткү болгон. Ал граждандык согушта Веспасиан жеңип чыгып,1966-жылы башталган иудейлердин кѳтѳрүлүшүн басууга катышкан. Андан кийин ал Тит экѳѳлѳп Нерондун убагында жана граждандык согуш убагында чачылып кеткен мамлекеттин финансысын калыбына келтирүү үчүн бай провинциялардан салыктарды чогултушуп, мамалекетти оңдоого киришкен. Римдин борборуна ал кѳптѳгѳн нерселерди курдуруп, Нерондун 120 гектар жерин  ээлеген. Алтын сарайындагы кѳлмѳнү кургактатып, империялык имараттарды курдуртуп, ошондой эле элдерин кѳңүлүн ачуучу жайына айланган парк жана эң чоң амфитеатр курдурган. Айрым маалыматтарга таянсак амфитеатрды куруу үчүн жумшалган каражат жортуулдардан түшкѳн олжолордун эсебинен курдурган. Амфитеатр согуштан колго түшүрүлүп алынып келинген 100 миңдеген кулдар тарабынан курулган. Инженерлер, художниктер жана декараторлор аларды  кѳзѳмѳлдѳп турушкан. Башында Амфитеатр Флавиевдердин амфитеатры деп аталса, VIII кылымдан тартып, анын укмуштуудай чоңдугуна байланыштуу Колизей(лат.-абдан чоң) деп атала баштаган. Колизей Римдин жашоочулары үчүн кѳңүл ачуучу, гладиаторлордун уруштарын кѳрүүчү жана кѳптѳгѳн башка оюндар ѳткѳрүлүүчү жай болгон.

217-жылы Колизейде ѳрт чыгып, ал ѳрттѳн Амфитеатр абдан  жапа  чеккен,  бирок кайрадан Александр Север тарабынан калыбына келтирилген. Римде 405-жылдары Христиан дини пайда болгондон кийин, Амфитеатрда гладиаторлордун уруштарын ѳткѳрүүгѳ тыюу салынган. Ошого карабастан андай уруштар ѳткѳрүлѳ берген. Баскынчылардын басып кириши Колизейдин кыйрашына алып келген. Амфитеарт XI кылымдын 1132-жылына чейин бийлик, атак-даңк талашкан атактуу Римдин тѳбѳлдѳрү, айрыкча Франджипани жана Аннибалдилер үчүн чеп катары кызмат кылган. Акыры алардан Генрих VII тартып  алып, Римдин сенатына тартуу кылган. Бирок, ошондон  кийин Колизей күндѳн-күнгѳ урай баштаган.

1349-жылдагы Римдеги болгон катуу жер титирѳѳ Колизейдин түштүк бѳлүгүнүн урап түшүшүнѳ алып келген. Эми андан урап түшкѳн таштарды курулуш материалы катары ташып кетип турушкан. XV-XVI кылымдарда анын урап түшкѳн таштарынан кѳптѳгѳн сарайлар курулган.XVIII кылымда гана Рим папалары Колизейге байыркы кол ѳнѳрчүлүктүн зор эстелиги катары кѳңүл бѳлѳ башташкан жана биринчилерден болуп Бенедикт XIV (1740-1758ж.ж) аны колго алып, аны христиандар сыйынуучу жерге айландырып, ортоңку аренага эбегейсиз чоң крест орнотуп, анын айланасына алтарларды орноттурган. Бирок, бул крест менен алтарлар 1874-жылы алынып ташталган. Бенендикттен кийин Пий XII менен Лев XII имаратты сактап калууга аракет  жасашып, дубалдардын урап түшүп калбашы үчүн бекемдѳѳ иштерин жүргүзүшкѳн. Жамгыр суусунун ѳтүп кетиши, атмосферанын булганышы Колизейди оор абалга алып келген, анын кѳптѳгѳн дубалдары урап түшүп калган.

 Анын архитектурасы ѳзгѳчѳ болуп, ал Эллипс формасында курулган. Узундугу 524 метр, чоң бѳлүгү 187,77 метр, кичине бѳлүгү 155,64 метр, аренанын узундугу 85,75 метр, туурасы-53, 62 метр болгон. Фундаментинин калындыгы 13 метр болгон. Колизей 15 минутада толуп, 5 минуттун ичинде бошотууга боло тургандай ыңгайлуу курулган. Сырга бай бул залга кирүү үчүн 80 эшик болгон, анын 4 эшиги император жана жогорку даражадагы тѳбѳлдѳр үчүн арналган. Эң тѳмѳнкү катар «подий» деп аталып, алар император жана анын үй бүлѳсү үчүн арналган. «Подий» ѳзгѳчѳлѳнүп, бет алды тосмолонгон, анткени тосмо аренада ойнотулган жыркычтуу оюндан сактап турган. Отургучтар тепкич катары орнотулуп, императорлордон  кийинки орундуктар ярустун элесин берген. 1-ярустагы орундук бийлик тѳбѳлдѳрүнѳ, 2-ярустагы орундук Римдик атуулдукка ээ болгон граждандарга, 3-ярус тѳмѳнкү катмардагы адамдарга арналган. Оюн жүрүп жаткан мезгилде Колизейдин чатырында император флотунун матростору кѳрүүчүлѳрдү жамгырдан же күн нурунан калкалоо үчүн чатырчаны тосуп турушкан.

Билгичтик жана укмуштай чеберчилик менен курулган бул тѳрт кабаттуу Колизейдин курулушу ушул убакка чейин ѳзүнүн сырдуулугу менен адамзатты таң калтырып келет. Азыркы мезгилде мамлекет тарабынан кѳңүл бѳлүнүп, Колизейдин  имараты реставрацияланган. XIX кылымда ал Замандын укмуштарынын бири катары таанылып, 2007-жылы 7-июлда «Жети кереметтин бири» деп табылды. Колизей- Римдин символу.

                                                              Каныкей Бактыбекова,

               Барпы атындагы №38 гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>